“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Билим берүү кызматкерлери жат жазуу жазышты

23 Февраль 2022 жыл 0:16
Көрүүлөрдүн саны: 60

Базар-Коргон районунун билим берүү кызматкерлери жат жазуу жазышты. 21-февраль “Эл аралык эне тил күнүнө” карата, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу жана эне тилди сактоо, мамлекеттик тилди өркүндөтүү максатында уюштурулду.

Жат жазуу учурунда

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 16.02.2022-жылдагы №75-б сандуу буйругунун негизинде Райондук билим берүү бөлүмүнүн √44 сандуу буйругун аткарууга алып 22-февраль күнү мектептерде жана бала бакчаларында «Мугалим — окуучунун жан досу»деген темада, шаардын √30 Ө.Атабекова инновациялык гимназия мектебинде» Эне тилге болгон кызыгуум»деген темада мектеп директорлоруна жат жазуу жаздырылып, жалпы маанайдагы,
мотивациялык иш чара болуп өттү.

Аталган иш-чараны уюштурууда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Асель Сансызбаева, мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү Венера Ташиева, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Сопубек Сариев жана окуу усулдук кабинетинин башчысы Жаркын Маматова, Илман Ибраимов, усулчу Сабира Мурзаевалар иш алып барды.

Жат жазуу тексти Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн адистери тарабынан даярдалды

21-февраль «Эл аралык эне тил» күнүнө карата Базар-Коргон районунда кызуу жүрүп жаткан мезгил. Билим берүү тармагындагы мектептерде, бакчаларда, окуучулар арасында азыркы күндө көркөм окуулар, сүрөт сынактары өткөрүлүүдө деп билдирди усулчу Сабира Мурзаева.

Активдүү катышкан мугалимдерди тайпаларга бөлүп, жат жазуу жаздырылды

«Мектеп директорлорунун, мугалимдердин, тарбиячылардын сабаттуулугун жогорулатуу боюнча эне тилге арналган темада жат жазуулар жазылды. Катышуу жакшы болду, баарынын манайы жакшы, себеби сабаттуулукту жогорулатуу-бул ар бир Кыргызстандын жараны үчүн керек болсо,  ал эми мугалимдер, мектептин жетекчилери үчүн да керектүү, качан биздин билимибиз жогору болгондо, башка өнүкөн өлкөлөрдөй мугалимдерибизди баалап алганда, билим берүү тармагы өсөт деп ойлойм. Мекенибиз Кыргызстан гүлдөгөн мамлекет болот», -деди окуу усулдук кабинетинин башчысы Жаркын Маматова.

Жат жазуу учурунда беткап тагышып, эрежени сакташты

Ар бир мугалим бүгүнкү жазган жат жазуудан таасир алды деп ойлойм. Анткени берилген жат жазуудагы тема мыкты тандалган. Терең ойлонткон, маанилүү текст тандалып алыптыр. Биздин Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектеби да бүгүн жат жазуу жазышты. Педагогикалык жамаат баары активдүү катышып, мыкты жыйынтык берди деп сөзүн улантты мектеп директору Давлет Омурзакова.

«Мугалимдердин ишин баалоодо алардын билимдүүлүгүн, сабаттуулугун байкоого болот. Мындай иш чаралар дайыма уюштурулуп келет. Эки жыл мурда да жазганбыз. Пандемия болуп эки жыл уюштурулбады. Кайрадан иш чара жанданып, уюштурулганы мыкты жөрөлгө. Андыктан баарына ыраазычылык билдирем», -деди директор Омурзакова.

«Эне тилге болгон кызыгуум» тексти патриоттуулукка, тилди сүйүүгө, аны даңазалаган текст экенин белгилешти мектеп жетекчилери

24-февраль күнү бала бакчалардын башчылары жат жазуу жазышат жана мектептерде, бала бакчаларда эне тилге байланыштуу көркөм окуулар, сүрөт сынактары жүргүзүлөт.

 

Гүлназ Камбарали кызы, Элхан Жапаров