“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Студенттер ийкемдүүлүккө үйрөнүштү

17 Февраль 2022 жыл 16:28
Көрүүлөрдүн саны: 43

«Пандемия башталганга чейин аралыктан билим алуу деген түшүнүк болгон эмес. Качан гана оору келип мамлекет бардык ишканаларды, билим берүү уюмдарын, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин карантинге жапканда аралыктан иштөө, аралыктан окуу режимин үйрөндүк».

Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенти Сыймык Алиев

Негизи пандемия бардык тармакка таасирин тийгизип, инсандарды жаңыча жашоого түрттү. Билим тармагында да түп тамырынан өзгөрүш жасалды. Студенттер аралыктан окууга өтүшүп, жердин бир четинде туруп, экинчи четинде жайгашкан университеттерде билим алып жатышат. Менин оюмча бул практика жүзүндө аябай ыңгайлуу.

Мисалы: кээ бир тааныштарым өзү жанымда олтурса да АКШ, Италия сыяктуу мамлекеттердин окуу жайларынан билим алып жатышты, бул деген сонун мүмкүнчүлүк. Пандемиядан кийин окуу системасындагы өзгөрүштөр дагы бир топ бизге ыңгайлуу, анткени жарым сабагыбыз онлайн болсо, жарымы офлайн. Андан тышкары өзүн таза кармоо, аралыкты сактоо, медициналык текшерүүдөн байма-бай өтүүнү үйрөндүк. Дагы бир өзгөчө белгилей кетсем, студенттер ийкемдүүлүккө үйрөнүштү, эгер университет карантинге жабыла турган болсо да, аралыктан улантып кете алышат», -деди Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенти Сыймык Алиев.

Студент Аваз Таштанов

Аралыктан окуган мага жаккан жок. Анткени дайыма мугалим бет маңдай туруп айтып берген сабак дайыма сиңимдүү, түшүнүктүү. Онлайн сабак өтүп жатканда тоскоолдуктар көп болду. Интернеттин ылдамдыгы да аралыктан окуганда таасирин тийгизди»- деди студент Аваз Таштанов.

«Азыр кайрадан кадимки окууга өтүп, сабактарыбыз мурункудай болуп жатат. Бирок былтыркы окуу жылдын таасири быйылкы жылкы окуубузга таасирин тийгизип жатат. Түшүнбөй калганымда, интернеттен изденип же болбосо өткөн окуу жылдагы материалдарды кайра окуп жатамын. Омикрон штаммы чыкканда онлайн болобуз го деген ой келди, бирок окуубуз кадимкидей уланып жатканы мени кубандырат», -деп билдирди Таштанов.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Улуттук университетинин педагогикалык колледжинин 3-курсунун студенти Нураида Алтынбек кызы биз 1-курстун жарым жылдыгында аралыктан окутууга өттүк. Аралык окутуудагы информациаларды кабыл алуунун кыйындыгы болду. Ал эми кадимки окууда маалыматты кабыл алуу оңой жана бат дейт:

«Мен үчүн салттуу окутууга эч нерсеге алмашылгыс экенин сездим. Себеби, салттуу окутууда практикалык жактан да теориялык жактан да маалыматтарды кабыл алуу, көзүң менен көрүп, мугалимдин жанында билим алуу сиңимдүү экенин билдим», -деди Нурайида Алтынбек кызы.

Пандемия тууралуу студенттердин ой-пикирин төмөндө окуңуз:

Студент: «Карантинден кийин көбүрөөк окуп, кошумча сабак алып жатабыз» 

 

Гүлназ Камбарали кызы