“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ишкер: Форель балыгы менен туристтерди Кызыл-Үңкүргө тарттым

17 Февраль 2022 жыл 17:50
Көрүүлөрдүн саны: 44

Жаратылышы кооз жерде форель балык чарбачылыгы менен алектенген жеке ишкер Эрмек Бакиров менен пандемияга чейинки жана пандемиядан кийинки туристтердин келүүсү жана форель балык чарбасы жөнүндө баарлаштык.

Эрмек Бакиров Балык чарбасында форель балыгын багат

Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Үнкүр айылы деңиз деңгээлинен 1241 м жогору жайгашкан. Базар-Коргон районунан 45 км алыстыкта. Аталган айыл туристтик зона болуп, Дашман коругу менен чектешет. Кызыл-Үнкүр айылынын тургуну, жеке ишкер төмөндөгүлөрдү айтты:

Эс алганы келгендер өздөрү балык тутууга болот

«Балык чарбачылыгын ачуу идеясын агама айтып, кеңешип баштаганбыз. Биринчи баштаганыбызда эле 1 миллион сом менен баштадык. Бирок андан көп сумма кетет экен.
Азыркы убакта балыктын так санын билбейм, бирок 10 миң болчу, беш-алты миң балыгыбыз калды.  Форель балыгын 650 сомдон килограммын сатып жатабыз. Жайда сезондо эс алганы келгендер арбын болот. Ал эми кыш мезгилинде болбойт, жергиликтүү тургандарга сатабыз. Өздөрү менен  алып кетип атышат.

Кыш мезгилинде балыкка кам көрүү жайкыга караганда бир аз оор болот, балыктын негизги тамактарын Даниядан, Европадан алдырабыз.
Кызыл-Үнкүрдүн суусу муздак болгонуна байланыштуу форель балыгы бар, башка балыктар муздак сууда жашай албагандыктан форелди гана багабыз.

Эс алуучулар менен

Азыр Замир Семетеев экөөбүз чарбада иш кылабыз, үй- бүлөм жардам берет, буйруса чарбаны кеңейтип алсак, кошумча жумуш ордун да түзмөкпүз.

Негизи биз форель багып баштаганда эле пандемия башталып кетти. 2020-жылы туристтер аз келди. Көбүнчө эле ички туристтер келип жатышты. Ал эми 2021-жылы туристер аябай көп болду. Кызыл-Үнкүрдүн жаратылышы кооз болгодуктан эс алуучулар көп келет. Мындан 5-8 жыл мурда туристтер келбейт эле. Көпчүлүк билбейт да болчу. Азыр кооз жерди көргөнү коңшулаш Өзбекстандан, Казакстандан келип жатышат.

Эс алуучулар балыктардын жанында туруп сүрөткө көп түшүшөт.

Форель балыгы

Келген коноктор биздин форелди жегенден кийин да сөзсүз кайрылып келишет. Анткени даамы өзгөчө. Бул да болсо жаратылыштын тазалыгы, суунун муздак, мөгүдөн келгени себеп болсо керек. Азыр туристтер үчүн шарт бар. Балык чарбачылгынын жанында эле боз үйлөрдү тигип, келген конокторго ысык форель бышырып беребиз. Тейлөөнү да жакшырттык.

Кызыл-Үнкүргө туризмди өнүктүрүү үчүн жол маселеси болууда. Жолубузду оңдосо жакшы болмок, бизге эс алуу жайларын таштанды салуучу жана аны төгүп чыгарууга техника керек. Анткени жаратылышты таштанды менен толтурууга болбойт. Биринчи кезекте адам баласынын жегенинен кийинки таштандыларды чыгаруу бул чоң маселе. Биз өзүбүз тазалыкты сактасак, өзүбүзгө да туристтерге да жакшы деп ойлой.

Балык чарба баштайм дегендерге кеңешим:

  • ыңайлуу жерди балыкка ыңайлашкан жер болуш керек.
  • Анан акча каражаты, кыйналып калбаш үчүн так эсептөөлөр керек,
  • балыктардын суусуна карап, Кызыл-Үнкүрдө же болбосо Арстанбапта балык чарбасын кеңири өнүктүрсөк болот.              Бизде жаңгак терип, бал чарачылыгы менен алектенгендер көп бир эле жаратылыштын берген берекесин эле күтүп отура бербей каражат табуунун альтернативдик жолдорун да издеп, иштешибиз керек»-деди Эрмек Бакиров.

Гүлназ Камбарали кызы, Элхан Жапаров