“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Омикрон штаммы чыкканда мектеп дагы жабылабы деп корктум»

16 Февраль 2022 жыл 17:26
Көрүүлөрдүн саны: 46

«Мен 9-класстын окуучусумун. 2019-2020-жылдардагы короновирус илдетинен дүйнө жүзү боюнча карантин болуп, мектептер онлайнга өткөн. Бирок мага онлайн окутуу жаккан жок», -деп билдирди №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучусу Нуржигит Жунусов.

Нуржигит Жунусов мектеп окуучусу

Анын айтымында онлайн окутууда интернеттин ылдамдыгынын төмөндөгү көп тоскоолдук жаратып, кээ күндөрү бирдик жоктугунан сабакка катышпай калган учурлары болгонун эскерди.
“Мен пандемиянын 3-4-толкуну болот дегенде аябай корктум. Анткени дагы онлайн окуйбузбу деген ой мени коркутту. Бирок онлайнга өтпөдүк. Биздин райондо жана айылда оору катталбагандыктан, окуубузду кадимки режимде окуп жатабыз”, -деди Жунусов.

№17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова

Мектепте омикрон менен ооруган окуучу жок. Окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коронавирус, омикрон штаммы боюнча дубал газеталарды көрүнө жерге илип, жат жазуулар алынды деп билдирди мектеп директору Давлет Омурзакова.

Ар бир класста аптечкалар илинип, биринчи жардамга керектелүүчү даарылар салынган

“Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүндөгү №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу. Мектепте окуган окуучулардын арасында коронавирус же омикрон штаммы менен катталган окуучу жок. Мектепте күндө эртенменен дене табы текшерилип, антисептик, беткап менен сабакка киришет. Класстар хлор менен жуулуп, тазаланып, жылуулук да нормада. Кээ бир учурларда сасык тумоолоп калган окуучулар эле сабактан калбаса, катышуу 98 % түзүп жатат”, -деди Омурзакова.

«Эми онлайн болбосунчу. Билимибиз төмөндөшүн каалабайбыз»-деди Аяна Абдимиталипова

11-классынын окуучусу Аяна Абдимиталипова:
“Мектепте бардык санитардык эрежелерди сактап жатабыз. Беткап, антисептик дайыма жаныбызда. Омикрон штаммы боюнча мугалимдер түшүндүрүштү. Интернеттен, сыналгыдан да байма-бай көрсөтүп, өзүбүздү коргоону үйрөнүп калдык.”

«Дайыма аралыкты сактаганга аракет кыламын. Эл чогулган жерлерге барбайм. Дүкөндөрдө соода кылганда алыс турганга аракеттенем. Мен дайыма оору тууралуу көп ойлоном»,- деп айткан мектеп окуучусу Марлес Тажибеков өз оюн андан ары улады.

9-классынын окуучусу Марлес Тажибеков

“Анткени оору кары кишилерге тез жугат деп көп уккам. Менин чоң энем улгайган, ошондуктан этияттанып турам. Мен ооруну алып жүрүүчү болуп чоң энемди оорутуп койбоюн деп кооптоном. Классташтарым менен жүргөндө дайыма беткап тагам.”

 

Гүлназ Камбарали кызы