“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Радио күнү: Токойду сактоонун маанилүүлүгү

14 Февраль 2022 жыл 15:50
Көрүүлөрдүн саны: 57

13-февраль Бүткүл дүйнөлүк радио күнү. Бул салттуу майрам 2011-жылдан бери белгиленип келе жатат жана 1946-жылы «Бириккен улуттар уюмунун радиосунун» эфирге чыгышына арналган. Радио токойлордун сакталышы тууралуу маалыматтарды дагы таратып келет.

ООНдун радио берүүсүнөн алынган маалымат:

“Саламатсыздарбы, эфирде Бириккен улуттар уюмунун жаңылыктары. Биз жыл сайын 4 млн 700 миң гектар токойду жоготобуз, бул Дания сыяктуу мамлекеттин аянтынан дагы чоң жер. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш, 3-мартта белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнүнө карата кайрылуусунда эске салды. Планетанын жакыр калкынын 90 пайызынын жашоосу кайсыл бир деңгээлде токой ресурстарына байланышкан. Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнү – бул жапайы фауна менен флоранын көп түрдүүлүгүнө жана сулуулугуна көңүл бурдуруунун жана бул чөйрөдөгү билимди кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүгү”.

БУУнун радиоэфиринин үзүндүсүндө айтылгандай, жакында эл аралык коомчулук дагы бир эң сонун датаны – Жапайы жаратылыш күнүн белгилейт. Ушул эң сонун күндүн алдында биз өзүбүздүн жаңгак токойлору темасындагы атайын чыгарылышты даярдаганбыз.
Ведущий: Анда сөздү кызыктуу статистикадан баштайлы. Дээрлик бардык жаңгак дарактарынын жарымынын жашы 110 жылдан 130 жылга чейинки жаш куракты түзөт, алардын 20% мында 90 жылдан бери өсөт, калганы 20 жаштан 60 жашка чейинки жаш дарактар болуп саналат. Кылым жашаган дарактар жаңгак токою карып бара жатканын билдирет жана ошону менен бирге өтө жай жаңыланып жатканын тастыктайт.

Закир Сарымсаков, токой боюнча эксперт:
«Токойлордун табигый түрдө жаңылануусу – табигый жөндөмдүүлүк, ал өзү жаңыланууга тийиш. Бирок биз дайыма мал жая берсек, жаш дарактарды кыйсак, күн тийсин үчүн токойдун арасын ачык кылсак, кыртыш кургак болсо анда ал жерлерде уруктар өнбөйт. Экинчиси – биз ал жактарга дайыма мал жаябыз, андыктан көчөттөр өспөйт жана эч кандай жаңылануу болбойт, бул эң зыяндуу таасир болуп саналат».

Буга чейинки жакынкы жылдары Кыргызстан сейрек кездешкен жаңгак, мисте, бадам, алма, кара өрүк жана алмурут токойлорунун аянты дээрлик 1 млн 500 гектарга жетет деп мактана алчу. Бирок бүгүн алардын аянты дээрлик 2,5 эсеге кыскарган, ал эми жаңгак токою 34 миң гектар жерде гана калды.

Ал эми Арстанбап-Ата токой чарбасынын директору Батыр Уметов мындай деди:
«Биздин токой чарбанын негизги бөлүгү – жаңгак дарактары. 3200 га – бул жаңгак токойлору отургузулган аянт. Андан 2500 га токой жергиликтүү жашоочуларга ижарага берилет, алар 1 гектар үчүн жылына 1200 сом төлөйт».

Ижара акысы жергиликтүү тургундун түшүмдөн алган кирешесинен бир кыйла аз. Батыр Уметовдун айтымында, 1 гектар токойдон орточо 180 килограммдан 250 килограммга чейинки грек жаңгагын жыйнап алууга болот, ал эми түшүмдүү жылдары гектарынан 400-500 кг жаңгак алынат. Былтыр аймакта 1 кг жаңгак 80 сомдон сатылды. Анча татаал эмес эсептөөлөр жакшы кирешени айтып турат. Уметов айткандай, баардык эле жашоочулар тилкени көрктөндүрүүгө жана кам көрүүгө күч жана каражат сарптоого даяр эмес. Адамдарда керектөөчүлүк мамиле басымдуулук кылат.

Батыр Уметов өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду:
«Бардыгы менталитетке жана маданиятка жараша болот – кээ бири өз тилкесине кам көрөт, айрымдары түшүм жыйнаганды гана билет. Жергиликтүү калктын токой аймагына жайылган малдын башын көбөйтүшү — бүгүнкү күндүн эң башкы көйгөйү. Андан улам бизге жаңгактын жаш көчөттөрү отургузулган жердин аянтын 25 гектардан 10 гектарга чейин кыскартууга туура келди».

Базар-Коргон районундагы калктын чарбалык ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүү, жергиликтүү жашоочулар жаңгакты сатуудан түшкөн каражатты мал сатып алууга жумшай турганын көрсөттү. Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттигинин директору Алмаз Мусаев, ушул аймакта мал чарбасына эмес, токойчулукту өнүктүрүүгө артыкчылык берүү туура экенин белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттигинин директору Алмаз Мусаев:
«Биз эл менен иштеп жатабыз, аларга мындай иш кылалы деп айтабыз: Базар-Коргондун эти менен эч кимди таң калтыра албайсың, ал эми Базар-Коргондун жаңгагы менен баарын таң калтырса болот» — дейбиз. Эң башкысы – биз ар бир жашоочуга жаңгак токойлорунун аянтын сактоо жана көбөйтүү менен экономикалык жана экологиялык пайда алууга болоорун түшүндүрүп жеткиришибиз керек».

Ушул максатка жетишүүдө өкмөткө акыркы 5 жыл ичинде Германия эл аралык кызматташуу коому — Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги, ЮНИК уюму жана жергиликтүү «САМР Алатоо» коомдук фонду менен өнөктөштүктө Базар-Коргон районунда жүзөгө ашырып жаткан жаңгак-мөмө токойлорун сактоо боюнча кыргыз-германиялык долбоор жардам берүүдө. «Жаңгак-мөмө токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды тартуу менен биотүрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу» долбоорунун негизги максаттары жөнүндө анын жетекчиси Эдит Кошкин айтып берет.

«Азыркы учурда Базар-Коргон районунда 8000 гектардан ашык жаңы токойлору бар жана жайыттар туруктуу башкарылып жатат. 2500 жакын жергиликтүү тургун туруктуу жер пайдалануу боюнча инновациялык иш-чараларды иштеп чыгууга тартылган жана 800 чукул жашоочу токой өнүмдөрүн чогултуу жана кайра иштетүүнүн эсебинен кирешелерин көбөйтө алышты (жаңгак, мөмө-жемиш, дары чөптөр). Бардык иш-чаралар калктын бардык топторунун – эркектер, аялдар, жаштардын кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт».

Долбоор бир нече багытта иштейт. Биринчиси – туруктуу токой – жана жер пайдалануу. Долбоордун адистери жыл сайын токойчулар менен биргеликте үшүккө, кургакчылыкка ыңгайлаша алган жана башка дарактарга караганда көп түшүм берген «өзгөчө» дарактарды тандашат. Мындай дарактарды тандоо жана өстүрүү, жаңы аймактарга токой өстүрүүгө мүмкүндүк берет жана климаттык өзгөрүүнүн таасирлеринин көйгөйлөрүн чечет.
Кийинки компонент –токой өнүмдөрүн – жаңгак, мөмө-жемиш, дары чөптөрдү кайра иштетүүдө жергиликтүү ишкерлердин дараметин өнүктүрүүнү жана колдоону болжолдойт.

Долбоор иштеп жаткан кезде Базар-Коргон районунда жаңгак чагуучу 5 цех ачылган, аларда негизинен аялдар иш менен камсыз болгон. Кайра иштетүүчүлөр азык-түлүк коопсуздугунун эл аралык стандарттарын окуп үйрөнүшөт, ал эми грек жаңгагы менен иштеген ишкерлер жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспортко жол ача турган «органик» сертификатын алууга умтулушат.

Дагы бир багыт токойлорду жана жайыттарды сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө билим менен маалымдуулук жогорулатууга жана экологиялык билим берүүнү илгерилетүүгө байланышкан. Базар-Коргон районунун мектеп мугалимдери, долбоор алкагында иштелип чыккан биотүрдүүлүк боюнча колдонмонун негизинде география, биология, экология сабактарын окутуунун туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү стандарттары боюнча окутуулардан өтүшкөн. Бүгүнкү күнү бул усул бүткү республика боюнча мектептерге киргизилген.

 

Гулназ Камбарали кызы, Тимурлан Мелисбеков