“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Арстанбап: Япониядан буйрутма алган ишкер

3 Февраль 2022 жыл 13:08
Көрүүлөрдүн саны: 51

Арстанбап айылында жаңгактын майын муздак ыкма менен сыгып алуу менен алектенген ишкер Эркин Кадиров жашайт. 2018-жылдан бери жаңгактын майын даярдап активдүү иштеп келет.

Ал жергиликтүү элден жаңгак алып, маңызын чыгарып, айыл элине, туристтерге жана дүкөндөргө сатат.
Маегинде ал бул ишке жан дүйнөсү менен киришип, үй-бүлөсү менен иштеп, Россияга чыкпаганын билдирди. Жаңгак майы күнүмдүк тамак ашка иштетилсе, анын дарылыка да колдонушат. Каарманыбыз миграцияга чыкпай эле өз элинде ишкердигин жүргүзүп келүүдө. Анын максаты дагы да кеңейтип, кошумча жумуш ордун түзсөм дейт. Кичи ишкердик айылдын өнүгүп өсүүсүнө жол ачат.

Өзүнүн ишкерлиги боюнча Эркин Кадиров мындай деди:
«Мен Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргондун Арстанбап айылында 1985-жылы жарык дүйнөгө келгенмин.

1995-жылдан баштап атамдар, эски жувазывызды (май чыгаруучу тегирмен) иштетет эле. 2021-жылга чейин кытайдан жасалган жувазды 7-8 жыл иштетип, жаңгактын майларын тунук кылып чыгарды. Элдин маңыздарын тартып, биздин тиричилик ошол менен болду. Россияга чыкпадык 2018-жылдан кийин Германия кызматташтык коомунан келишип, силерге жакшы жуваздарды алып берейли, элге пайдаңар тийсин, Жалал-Абад областында  силерде жаңгак көп, андыктан экономиканы көтөрүп, жакырчылыкты кыскартайлы деди. Андан кийин алар бир канча шарттарды койду.  Баары кооз болуп, санитардык нормаларга жооп берсин деди. Алар бардык техниканы алып беришти.

3-4 жылдан бери жакшы иштеп келип атабыз. Азыр буйрутмаларыбыз бар. Тааныш дүкөндөргө алып барып саттык. Алар менен иш алып бардык. Япониядан клиентти таап алып келишти. Биринчи 200 литр буйрутма алдык. Ноярь айында бүтүрдүк. Андан кийин 1000 бөтөлкө буйрутма берди. Февралдын бирине чейин бүтүрүшүбүз керек.

Айына 100 кг маңыз тартабыз, андан таза түрдө 50 литр май чыгат. Буйрутма көп болсо, андан да көбүрөөк тартабыз. Акыркы 10 күндүн ичинде 450 кг май чыгардык.

Айылыбзда көп пайдалынышат. Жада  калса аш демдегенде да колдонобуз. Калменде деген өзүбүздүн тамактарыбыз бар. Аларды жасап жейбиз. Салаттарга кошобуз.  Тирилигибиз ушул менен өтүп жатат.

 

Тимурлан Мелисбеков, Гулайым Шигайбаева