“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Омикрон чыккандан бери эл өзү келип вакцина алып жатышат

26 Январь 2022 жыл 14:31
Көрүүлөрдүн саны: 51

Омикрон штаммы жөнүндө маалыматты бар жергиликтүү жарандар, өздөрү келип, вакцинация алып жатышат.

Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагында алты айыл жайгашкан. Ар бир айылда ФАПтар бар жана ал ооруканалар Омикрон штаммына даярдыгы кандай? Элдин оору жөнүндө маалыматты боюнча Ооган-Талаа айылындагы үй- бүлөлүк дарыгерлердин медайыма Кадича Жумабаева төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Жалпы Могол айыл аймагында ар бир айылда ФАП бар. Омикронго карата даярдыктар жүрүп жатат. Баары дарылар менен камсыз болду. Ал эми ооруга каршы вакцинацияны бере баштадык.

Кадича Жумабаева медайым

Бул ирет 16 жаштан 60 жашка чейинки каалоочу жаранга вакцина сайылат. Омикронго каршы ревакцинациянын өзгөчөлүгү кош бойлуу аялдарга да жасоого болот. Түйүлдүк 20 жумадан ашкандан баштап кош бойлуу аялдарга вакцина жасай баштадык. Албетте өздөрүнүн каалоосу менен. Коронавирус чыкканда элге вакцина алгыла деп түшүндүрсөк да албай качышкан. Анткени интернеттен ар түрдүү туура эмес маалыматты окуп алып, коркушкан. Азыр жакшы эл өзү келип вакцинаны алып жатышат.

Азыркы күнгө карата мамлекеттик ишканаларда иштеген кызматкерлер ревакцинацияны алып жатышат. 1-2-вакцинаны алгандар, 3-ревакцинацияны алышты. Бизде азыр СПУТНИК лайт, SARS-CoV-2 VERO CELL вакциналары бар. Келген вакцина алуучу өзү тандап вакцина ала алат.

Вакцина алган жарандардан ооруп кайрылгандар жок. Демек айыл элинин вакцинаны жакшы көтөрүп жаткандыгын билсек болот.

Омикрон оорусу боюнча Могол айыл аймагындагы жети мектепке түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жат жазуу алынып, көрүнөө жерге дубал газеталарга Омикрон боюнча маалыматтар илинди. Айылдагы ар бир жаран Омикрон штаммы боюнча маалыматты бар. Анткени, сыналгыдан тынбай маалыматтар берилип, андан сактануу, алдын алуу айтылып жатат.

Омикрондон коргонууну бир гана жолу бул вакцина. Социалдык аралыкты сактоо, беткап тагынуу, колду дезинфекциялоо оорунун алдын алууга болгон аракеттер»,- дейт Кадича Жумабаева.

Гүлназ Камбарали кызы