“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Дарыгер: Балдар арасында пневмония менен кайрылгандар көп

26 Январь 2022 жыл 14:49
Көрүүлөрдүн саны: 41

Могол айыл аймагындагы үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Саткын Токтомуратова азыркы учурда пневмония менен кайрылгандардын саны көп болуп жатканын айтып, мындан 3-4 жыл мурун мындай оору менен кайрылгандар 100 оорулуудан 3 гана болчу. Азыр ар бир үчүнчү оорулуу пневмония дейт.

Акыркы учурларда ооруканаларда жаш балдарды көтөрүп, дарыгерлерге кезекте турган элдин саны көп. Алардын арасында чоңдорго караганда жаш балалуулар көп. Мындай көрүнүштүн себебин Токтомуратова түшүндүрүп кетти.

«Азыркы күндө чынында чоңдорго караганда жаңы төрөлгөн балдардан тартып, 2 жашка чейинки балдардын пневмонияга чалдыгып жатканы өкүнүчтүү. Мунун себеби балдардын организминин алсыздыгында болуп жатат. Балдар сасык тумоо болуп, андан кийин жөтөл пайда болуп, пневмонияга айланып жатат.

Ооган-Талаа айылындагы үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Саткын Токтомуратова

Балдар жакшы көтөрөт чоңдорго караганда. Себеби алар пневмонияга каршы вакцинаны 3 ай, 6 ай, 1 жаштарында алышат. Бул вакцинаны алган бала ооруну анча сезбейт. Алсыздык, ысытмалоо болбосо кадимкидей эле бала ойноп, күлүп кадимкидей жүрө берет. Ошондуктан ата-энелер анча көңүл бөлбөй, өтүштүрүп жиберип жатышат.

Ар бир кайрылган баланы текшерип, жеңил түрү болсо үйгө дары-дармек жазып беребиз. Ал эми балада дем алганда кыйналуу болсо аны ооруканага жаткырабыз.

Чондордун организми күчтүү болгондуктан пневмонияны көтөрүшөт. Ал эми балдар сасык тумоодон кийин эле пневмония болуп жатышат. Мурдагы сасык тумоолор өпкөгө таасир бербейт эле. Азыр дароо эле өпкөгө таасир берип жатат.

Ошондуктан балдарды этияттап, эл көп чогулган жерлерге алып барбай, колдорду дезинфекциялап, тез-тез жууп туруу керек»,- деп эскертти дарыгер.

Омикрон чыккандан бери эл өзү келип вакцина алып жатышат 

Гүлназ Камбарали кызы