“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөтбаян: Арстанбапта лыжа мелдеши өттү

25 Январь 2022 жыл 1:19
Көрүүлөрдүн саны: 60

Катышуучулар арасында жаш курагына карап 7,8 ,9 жаштагы кыздардын лыжа мелдешине катышуусу көпчүлүктү сүйүнттү. 

Лыжа тепкен кыздар

Арстанбап айыл өкмөтү туристтик аймактардын катарына киргендиктен ага жай мезгилинде туристер көп келет. SBT уюму тарабынан Арстанбап аймагына кышкы туризмди өнүктүрүү максатында жыл сайын лыжа тебүү мелдеши өтүп келген. Пандемия башталганда оюндар болбой калып, 2022-жылы кайра уюштурулду.

Арстанбап SBT уюму жыл сайын кышкы туризмди өнүктүрүү жана чет өлкөлүк туристтерди келүүсүн жогорулатуу максатында өткөрүп келишет деп айтып кетти жергиликтүү активист Шохрух Мирзакаримов.

Эң жаш лыжа тепкен жигит

Бул иш чара туристтерди гана эмес балким жергиликтүү калктын да көңүлүн тартты.  Себеби бош убакты көп болгон айылдын тургундары өткөрүлгөн оюндарды, жарыш, мелдештерди абдан кубаныч менен көрүштү.

Лыжа тебүү боюнча мелдештин катышуучулары

Катышуучуларга токтолсок, жаш курагына карап 7,8 ,9 жаштагы кыздардын лыжа мелдешине катышуусу көпчүлүктү сүйүнттү.
Улуттук оюндарды мелдешке кошулуусу, келген чет элдик туристтердин катышуусу бул иш чаранын баркын көтөрдү деди Мирзакаримов.


Базар-Коргон Райондук Мамлекеттик Администрация башчысы-аким Джанысак Сатыбалдиев катышып, оюнду ачып берди.

Мелдешке келген коноктор

«Бүгүн Арстанбап айылында СВТ Arslanbob туристтик база тарабынан лыжа мелдеши жана улуттук спорт мелдештери болуп өттү.
Бул спорттук мелдештерди уюштурган СВТ Arslanbob туристик базасынын башчысы Хаятулло Тариков болду. Мелдеш аябай кызыктуу өттү»,- деп билдирди мектеп жамаатынан Рахматилла Аблазов.

Мелдешке активдүү катышкан Рахматилла Аблазов

Арстанбаптын кооз жерлери көргөзмөсүнө коюлган сүрөттөр

«Атайын Арстанбап айылынын кооз жерлери тартылган сүрөттөр көргөзмөсү коюлду. Окуучу балдар, кыздар кызыгуу менен катышты. Алардын ийгиликтерин көрүп кубандык», — деди Аблазов.

Мындан сырткары мелдеште улуттук оюндар жана кышкы оюндар ойнолду.

Чет өлкөдөн келген коноктор кол күрөшүп, күчтөрүн сынап көрүштү

Жаштар арасында шахмат оюндары кызыктуу болду.

Кышкы оюндар

Кар үстүндө чуркоо

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр белектер, ардак грамоталар менен сыйланды.

Гүлназ Камбарали кызы