“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Кызыл-Үңкүрдөгү кызыл алма…

25 Январь 2022 жыл 0:51
Көрүүлөрдүн саны: 148

Менин балалыгымдын эскерүүлөрүнүн бири – апамдын шам чырак алдында түн ортосу ойго батып отурганы. Мен “Апа, сизге эмне болду, ооруп атасызбы?” деп сурасам, “Бейтапка укол жасап келдим эле, азыр ал киши жакшы болуп калдыбы?” деп ойлонуп, санаа тартып жатыптыр.

Апам өмүр бою ооруканада фельдшер болуп иштеп келди, “Гиппократка ант бергенбиз, ар бир адамдын өмүрүн сактап калышым керек” — деп күн-түнгө карабай элге жардам бергени шашып жүрчү.

Ишине болгон сүйүүсүнө, апамдын ак халатына суктанып доктур болгум келчү, бирок мени жүзүмөн сылап “Сен мугалим эле болчу, кызым, мугалимдер убагы-сааты менен иштейт, ал дүйнөдөгү эң сооп иш!” деп айтып калат эле апам.

Мектеп чагымда өсүмдүк дүйнөсү, жаратылыш, жан-жаныбарлар мени өтө кызыктырчу. Атам айдап койгон малды көргөнү үй-бүлөбүздү тоо-токойго чыгарып, жайлоого алып барчу. Кош-Таш жайлоосундагы суу жээгине бир туугандарым менен курут жасаганы олтуруп калчубуз. Ошондо кыбыраган көнөкбаш, байкатпай учуп келген ар түстүү ийнелик, өзүн карматпаган көпөлөк, жыпар жыттанган ар кандай гүлгө көзүм да, көңүлүм да толкуп тоюп калчу.

Каарман Кызыл-Үнкүр айылындагы С.Ташиев мектебинин директору Шайыргүл Токторбаева

Кайра окуу жылы башталып, сабактан мугалим кайсы өсүмдүк тууралуу айтпасын “Мен аны жайлоодон көргөм! Мунун жалбырагы ачакей ачылып кетет, мунун жыты алыстан сезилет, ушул чөптүн даамы кычкыл” деп айтат элем классташтарыма.

Биология мугалими Химийат эжекебиз күчтүү эле. Бизди жакшы окутуп, бизге түрткү болуп, жаратылышка болгон жан дүйнөбүздү ачкан адам эжекебиз десем жаңылышпайм. Ал кезде интернет эмес, телевизор саналуу үйдө турчу, бизге маалымат тез жетчү эмес. “Жаныбарлар дүйнөсүндө” телеберүүлөрү жөнүндө кабарыбыз да жок болчу.

Эжебиз болсо сабак учурунда отуруп-секирип жандыктардын кылган кыймылын, чыгарган үнүн окшоштуруп сабакты кызыктуу өтөт эле. “Дүйнөдө медуза деген жандык бар, анын буту көп” деп тактага сүрөтүн тартып, жада калса аны да туурап көрсөтсө биз таңыркап, оозубузду ачып көрчүбүз.

Окуучулар менен кызыктуу сабакта

Мага үлгү болгон мугалимим сыяктуу мен дагы талантсыз, начар бала жок деп эсептейм. Балдардын жөндөмүн ачуу үчүн мен дагы кызыктуу сабак өтсөм, балдардын жан дүйнөсүн өзүмө тартып алсам, жаратылышка аяр мамиле жасоону үйрөтсөм деп кыялданып келдим.

Мектепти аяктаганда Оштогу медицина факультетине кирүү сынагында 3 балл жетпей өтпөй калдым. Биология менен химиядан катуу даярданганым үчүн ата-энем менен Жалал-Абадка кайтканда мамлекеттик университеттин биология боюнча сынагына кирдим. Биздин факультетке бөлүнгөн бюджеттик тизмеде мен сынак жыйынтыгы боюнча жыйырма абитуриенттин арасынан 4-орунга ээ болуптурмун.

Университетте алдыңкы студенттерден болдум, окуп жатып турмушка да чыктым, 2005 – жылы окууну бүтөөрүм менен жолдошумдун киндик каны тамган Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылына чогуу бардык. Ошентип тагдыр кайрадан мен жакшы көрүп суктанган жаратылыштын кучагына алып келип койду.

Кызыл-Үңкүр айылы

Сентябрь айында биздин айылдын мектебине биология мугалими болуп иштеп баштадым. Өзүм 23 жаштамын, мектеп жамааты жакшы, окуучулар болсо мага ушунчалык чынчыл, ишенчээк көрүндү. Биринчи жылдары иш көп болду, балдарды жакшы окутуш үчүн кээде китеп да жетишпейт, микроскоп да жок, көбүрөөк маалымат изденгенге кол да тийбей калчу. Анткени мектептен тышкары биз ата-энебиз менен чөп чапканы тоого, жаңгак тергени токойго чыгып, үйдө да мал кармап багат элек.

Окуу – куралы жетишпей турган учурда кыргыз-герман долбоорунун адистери жыл сайын бизге окутуу уюштуруп атышты. Тоо зонасындагы биология жана география мугалимдери болуп чогулуп бир жолу Арстанбап-Ата токой чарбасына бардык. Бизге бирден лупа карматып, токой аралатып теорияда болгон билимди практика жүзүндө балдарга кызыктуу жана жеткиликтүү кылып бергенди үйрөтүштү.

Токойдогу практика мезгили

Вера Китман жана Закир Сарымсаков баш болуп долбоордун адистери эмнеден кыйналганыбызды, кандай материалдын жетишпегенин жана кайсы жактан билимди толукташ керек экенин байкашты. Биз да өзүбүз азыркы замандын талабына жооп берген, интерактивдүү ык-амалдарды үйрөтө турган көргөзмө – курал, колдонмонун керек экенин айттык.

Сурамжылоо жүргүзүп, темаларды да сунуштап чогуу талкууладык. Бир жылдан ашык коротулган убакыт жана мээнеттин натыйжасында “Туруктуу өнүгүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү” колдонмосу жарыкка чыкты.

Кийин кыргыз-герман долбоорунун семинарында үйрөнгөн методдорду мен мектебиме келип кайра 30 мугалим менен бөлүштүм. Жалпысынан, бир жылдын ичинде биздин мектептин мугалимдерин тайпаларга бөлүп, окуу материалдарын окуп, бири-бирибизге түшүндүрүп үйрөтүп кырк тренинг өтүптүрбүз.

Туруктуу өнүгүү боюнча колдонмонун артынан окуучуларыбызга көбүрөөк практикалык билим керек экенин түшүндүк. Азыр кыш болобу, жаз болобу, сабак учурунда эле балдарды табиятка алып чыгам, бүчүр, өркүн дегенди көрсөтсөм, эмки сабакта окуучулар элестетип эстеп, баарын туура айта алышат.

Жайыт менен токойду башкаруу, климаттын өзгөрүүсүнө ыӊгайлашуу темаларында туруктуу өнүгүү максаттарын камтыган колдонмону үйрөнүп-билип калганда биздин сабактарыбыз да өзгөрдү, балдар да өтө кызыга баштады. Былтыркы бүтүрүүчүлөрдөн 2 окуучубуз азыр химия – биология факультетинде окуп атышат.

Жумасына 1-2 жолу олимпиадага даярдык болсун деп, биологияга кызыккан окуучуларга класстан тышкары кошумча сабак да өтөм. Кызыл-Үңкүр токой чарбасынан да кошумча сабактарга, экскурсияга токойчуларды чакырабыз.

“Долбоор” деген сөздү көп угат элем, колдонмонун жардамы менен биз дагы долбоор жазганды үйрөндүк. Мисалы, биздин мектепте тазалык боюнча ыктыярчылар тобун түзүп, мектепти көрктөндүрүү боюнча долбоор түздүк.

Биздин балдар чогулуп, өзүбүздүн колубуздан эмне келет, ал эми мектеп администрациясы жана айыл өкмөтү бизге кандай жардам бере алышат деп демилгени бөлүштүрдү. Ал иш-чарага кээ бир окуучулар үйлөрүнөн көчөт алып келсе, башкалар эмгек куралдарын көтөрүп келди. Токойду көбөйтөбүз деп бүт мектеп болуп кол алыштык.

Мектеп тегерегиндеги тигилген бактар

Ошентип мектеп тегерегине азыр терек, кайналы, жаңгак көчөттөрү тигилди. Биздин өзгөчө сыймыгыбыз — бул Кызыл китепке кирген кызыл алма көчөттөрү (Недзвецкий алма багы). Окуучуларыбыз убагында жакшы карап, сугарып аяр мамиле кылганы үчүн эгилген 150 көчөттөн 140 көчөт көктөдү. Сакура сыяктуу гүлдөп, ичи да, сырты да кызыл, ал биз үчүн алмалардын ханышасы болду.

Иш күнү аяктап, үйүмө чарчап барсам дагы мектепти ойлойм, өзүмдүн төрт баламдын жанында отурсам дагы жалпы окуучулардын билим сапатын кантип жогорулатам деп изденем, кантип жакшы үйрөтөм деп мен дагы апам сыяктуу ойго батам.

Азыр эстесем, 2005-жылы биринчи алган айлыгым 600 сом болду – ал акчага ошол мезгилде бир кап ун келет эле. Бушайман болуп маанайым чөктү. Ошол убакта биздин жердештер, курбулардын көбү айлык аздыгынан башка мамлекеттерге кетип баштагынан мен дагы жолдошума “Башка иш кылалы, кетели” деп айтып көрдүм.

Эртеси иштен кетем деген ой менен мектепке келсем, 5-класстын балдары алдыман чурулдап чыгып, мен кучак жайсам баары балапандай болуп жабышты да, калышты. Мен эч кимисин таштай албадым. Ошентип, Кызыл-Үңкүр мектебинде биологиядан сабак берип жүргөнүмө 17 жыл болду.

Окуучулар менен токойдо

Кыйналган күндөр аз болбоду, акчаны гана ойлогондо кетип калат элем, бирок балдарды жакшы көрөм, кесибимди эч алмаштырбайм. Балдарды билимдүү болсо дейм, жер-дүйнөнү көрсө дейм. Өзүм болсо “Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, Кызыл-Үңкүрдүн жаратылышын сактап, сыртка чыккым келбейт. Мен үчүн ушул жер өзүнчө бир Аалам.

Эскерте кетсек, Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жаңгак-мөмө токойлорун жана жайыттарын башкарууга жергиликтүү жамаатты катыштыруу менен биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу” долбоорунун алкагында 5-11 – класстардын биология жана география мугалимдери үчүн “Туруктуу өнүгүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү” колдонмосу иштелип чыккан.

Азыркы учурда бул колдонмо Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын окуу пландарына киргизилип жатат. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мыкты 70 мугалими үчүн туруктуу өнүгүү билими боюнча окутуулар жүргүзүлдү. Ал эми пилоттук аймак, Жалал-Абад облусунда 3 мастер-тренер 35 мектептин мугалимин окутушту.

Ошентип, жаратылыш жана биологиялык ар түрдүүлүк тууралуу билим, ошондой эле туруктуу келечекти калыптандырууга зарыл болгон көндүмдөр, мамиле жана баалуулуктар Кыргызстан боюнча баардык мектептерге жеткиликтүү болду.

www.versia.kg  сайты, Гулайым Шигайбаева