“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Аудио: Талды-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата пландары

19 Январь 2022 жыл 16:35
Көрүүлөрдүн саны: 48

Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жумушчу ордун түзүү планына кирсе, билим берүү мекемелеринин абалы башкы орунда турат.

«Талды-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата эң башкы планы бул эски имараты долбоор тарабынан утуп алып, азыркы күндө ремонттоо иштери жүрүп жатат. Буйруса 50-60% бүттү. Февраль айында толук бүтурөбүз деп жатабыз. Бул ишкана бүтүшү менен кошумча иш орду пайда болот. Ал жерде терезе чыгаруучу пластикалык аппараттар коюлуп, кошумча жумуш орду болот. Унаа оңдоочу, темир усталар, пескоблок чыгаруучу, андан кийин көңдөн сөөлжылан чыгаруу боюнча бөлүп берип, иштер жүрүп жатат. Буйруса 10-15 адамды жумуш орду менен камсыз кылабыз.

Ошондой эле ал ишкананын артындагы Каба айылындагы ФАПты «КАСА-1000″ долбоору каржылап, тендерге беришти. Март айына ФАП толук ремонттон өткөрүлүп, медициналык аппараттар коюла баштайт. Заманбап медициналык аппараттарды алуу пландалып жатат.

Андан кийинки айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен айылдардагы ички жолдорду оңдоо иштери болот. Эргешов атындагы мектебинин ашканасы стимгранттан утуп алып, заманбап ашкана бүтсө, ал эми 2021-жылы Тарыхчиев мектебинин ашканасы бүткөн. Канашев мектебинин авариялык абалда болгондуктан, мектептин салынышы 2022-жылдын планына киргиздик. Катар-Жаңгак айылында 100 орундуу бала бакча салуу да турат.

Биздин айыл өкмөттө көп иштетилбей турган жерлер бар экен. Ошол жерлерди элге конкурстун негизинде бөлүп берип, ижарага берип, айыл өкмөттүн бюджетине акча түшүп, бюджетти алдыга жылдырабыз. Үч-Булак айылында тигүү цехи ишке кирүү алдында. Тигүү цехинде да 10 аял иштей алат.

Көк-Алма, Каба айылында таза суу чыгарууну чыгарабыз деп пландалды. Республикалык бюджеттен каржыланып, документ иштери бүттү. Көк-Алма, Сары-Жайык, Кекилик айылдары таза суу менен камсыз болот»,- дейт айыл өкмөтүнүн башчысы.

Гүлназ Камбарали кызы