“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Мезгилдик сасык тумоого чалдыгуу көп болууда

16 Январь 2022 жыл 12:37
Көрүүлөрдүн саны: 53

Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүнө караштуу Ооган-Талаа айылында мезгилдик сасык тумоого чалдыккандар ооруканага кайрылбайт. 

Ооган-Талаа айылынын тургуну Шакир Алыкулов мезгилдик сасык тумоого чалдыкканда элдик медицина менен эле дарыланып жакшы болуп кетерин билдирди.

Ооган-Талаа айылынын тургуну Шакир Алыкулов

«Бул сасык тумоо катуу болду. Үй-бүлөбүздүн баары оорудук. Азыр мен да тумоолоп жатам. Дары ичип, өзүбүз дары чөптөр менен дарыланып жатабыз. Элдик медицина менен. Азыркы учурда ооруканага кайрылсаң ал жерде жугуштуу оорулар көп, ошондуктан  кайрылбадым. Үй-бүлөбүз менен эле ошентип сакайдык. Кудай сактасын эми».

№17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин мугалими Гулнара Кадырова окуучулар арасында да сасык тумоо күчөп, сабакка келбей калган учурлар да болуп жатканын айтты.

Мектеп мугалими Гулнара Кадырова

«Мектепте эле эмес айылда сасык тумоо жүрүп жатат. Баары эле ооруп жатабыз деп жатышат. Мектепке келбей калган окуучуну сурасаң сасык тумоолоп калыптыр деп айтышат. Мурда сасык тумоону тоготпойт элек. Дары ичип жакшы болуп калабыз да деп. Азыр коронавирус чыккандан бери коркуп калдык. Эл да өзүнүн ден-соолугуна кам көрүп калды. Ооруса эле дароо ооруканага барышат. Мектепте болсо беткап, антисептик дайыма окуучулардын жанында, беткап тагынып жүрүшүн талап кылабыз. Ден-соолук ар бир адамдын өзүнүн колунда деп түшүндүрүп келебиз.»

Хасан, Хусан Эгембердиевдер

Хасан Эгембердиев азыркы учурдагы сасык тумоо башка тумоолордон өзгөчөрөөк болуп, көп убакытта сакайып жатышканын баса белгиледи:
«Биз үй-бүлөбүз менен ооруганыбыз жок. Анткени вакцина алганбыз. Айылдын ичинде эми сасык тумоо менен ооруп жатышат, кышта сасык тумоо менен көп  ооруса керек. Мурунку сасык тумоолордо адамдар анчалык деле оорушпайт эле. Азыр дары-дармектер анча таасир бербей жатат. Анткени азыркы сасык тумоо күчтүүрөк.»

Жеке ишкер Роза Саркарова

«Базарда да адамдар сасык тумоо менен ооруп жатканын байкоого болот. Анткени үндөрү бүтүп, көздөрү кызарып, ооруп жаткан адамдарды көрүүгө болот. Ошондуктан мен дайыма антисептик, беткапты колдоном. Биз күнүгө ар кандай адамдар менен байланышабыз. Жеке гигиенаны сактап, беткап тагынуу менен мен балдарымды жана үй бүлөмдү оорудан сактайм деп ойлойм.»-деди жеке ишкер Роза Саркарова.

Тез жардам кызматкери Алмаз Карымшаков

Ооган-Талаа айылындагы тез жардамдын кызматкери Алмаз Карымшаков тез жардамга күнүнө 30га чукул жарандар кайрылса анын 15 сасык тумоо, 15 пневмония менен кайрылышууда.

«Азыр мен иш мезгилиндемин. Сасык тумоодо көбүнчө балдар ооруп жатат. Температурасы көтөрүлүп, жөтөлүшүп. Мурунку тумоолордо өпкөгө таасир кеч берчи эле. Мисалы 10/1 же 15 оорулуудан 1о оорулуу пневмония менен кайрылчу.  Азыр 10 оорулуудан 7-8де сасык тумоо өпкөгө таасир берип, пневмонияга өтүп кетип жатат. Ошонусу өзгөчөлүгү. Эртеден баштап кечке чейин бизге кайрылып турушат. Себеби бизде кечинде врачтар иштебейт. Күзөткө турган дарыгерлер бизде жок. Ооруканада деле дарыгер жок. Медайымдар толук карай албайтта. Ошого байланыштуу тез жардам бөлүмүнө кайрылышат.

Көбүнчө жаш балдар ооруп жатышат. Аларга биринчи жардам көрсөтүп туруп, балдар ооруканаларына жөнөтүп атабыз. Жеңилирээк болсо биринчи жардам көрсөтүп ысытмасын түшүрүп, эртеси күнү дарыгерге кайрылуусун сунуштайбыз. Пневмонияга жакын болуп бараткандарына ооруканага жатууга жолдомо берип жатабыз. Кары-картаң тургундардын да арасында бар. Бирок алардын иммунитети бир аз жогорураак. Алар оору менен күрөшүү боюнча тажрыйбасы бар. Алар үйүндө эле айыкса болот.
Эл арасында деле бизге кайрылбай, тумоону күчөтүп жибергендер бар. Адат болуп калгандар гана элдик медицинага кайрылбаса эле, калганы ооруканаларга кайрылышат. Интернеттен алынган видео тасмаларда маселен доктурлар кеңештерин берип чыгышса аларды көрсө болот. Арасында элдик дарыгерлер бар. Алардын заманы өткөн. Чыныгы элдик дарыгерлер өтүп кеткен. Азыркылар көбүнчө эффективдүү дарылай ала турганын далилдей алышкан жок.
Чеснок жеп, чөп чай ичүү боюнча айтсак, бул алдын алуучу профилактикалык эле иштер. Оору башталгандан кийин алардын пайдасы аз эле болуп калат. Организмде вирус бар.  Кошумча бактериялар да кирген. Аларды өлтүрүш керек. Аларды кантип өлтүрөсүн? Чөп менен өлтүрө албайсын да. Азыркы мезгилде ооруканаларга гана кайрылган жакшы. Анткени, алар өз ишин мыкты билишет. Дарылоо боюнча окушкан. Анан тумоологондор эртен жакшы болом, өтүп кетет, жакшы болуп калам деп жүрүп ооруну күчөтүп алышат.

Тез жардамдагы дарылардын жетишээрликпи деген суроого мен мындай жооп берсем, жылдын акырында жашыруун эмес, дары дармектер азайып, жетишпей калат. Бул маселе жылда эле болот. Бюджет түгөнөт да, дарылар азаят, акча которулуш керек, анан алар  дарыга буйрутма бериш керек. Алар келгинче көп убакыт өтөт. Ошол мезгилдерде кыйналып калабыз. Калган убактарда дары-дармек жетиштүү.

Гүлназ Камбарали кызы, Тимурлан Мелисбеков