“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Эл үнү: Күйүүчү май кымбаттап, алыс сапарга чыга албай калдык

16 Январь 2022 жыл 18:06
Көрүүлөрдүн саны: 52

Өлкө боюнча күйүүчү майдын кымбатташы айыл элинин жашоосуна да таасирин тийгизди деп билдирди унаа айдоочулар.

Айдоочу Медербек Темировдун айтымында элдин жашоосуна күйүүчү майдын таасир тийгизгендигинин себеби азык-түлүк кымбат, айыл жеринде иштин жоктугу экендигин айтып кетти.

Эгер кирешелүү тармакта иштесең билинбейт. Мисалы мурун такси менен Базар-Коргонго баруу үчүн 70-80 сом жол кире төлөчүбүз, азыр болсо 100-120 сомго чыкты. Эл азыр акчасын үнөмдөп маршруткаларга чыгып жатышат. Ал 20 сомго арзаныраак. Маршруттук каттамдарга барсаң эл көп, батпайсын. Аргасыз такси менен келгенге туура келет.

Медербек Темиров айдоочу

Талды-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Жамила Байкожоева күйүүчү майдын кымбатташы бүткүл кыргыз элине пенсия, жөлөк пул менен жашап аткан карапайым элге өтө чоң таасир этип жатат. Күйүүчү май кымбатаганда бардык кызматтар кымбаттап калат экен биз президентибизге, премьер-министирге кайрылуу жаздык, күйүүчү майды арзандатуу жолдорун издесенер, карапайым элге кыйын болуп жатат деп билдирдик. Эч жерде иштебесе бир пенсия менен жөлөк пулдун эсебинен жашаса, 3-4 балалуу болсо, кантип жеткирет. Элге кыйын болду. Жөлөк пулга азыраак акча кошкону менен бир тарабынын күйүүчү май эки эселеп кымбаттап жатат. Завод, фабрика жок, иш жок, жаз, жай, күз тытынып иштеп, азык-түлүк даярдап алышат. Мындай кымбатчылык боло берсе жакырчылыкка алып барат. Мурда майды 50 сомдон алсак азыр 180 сомго чейин чыкты. Күйүүчү май да өзүбүздөн чыкса, арзандатса болобу деп бизге эл кайрылат. Элге биз да жергиликтүү кеңештин депутаты катары түшүндүрүп, бул абал бир эле бизде эмес бүткүл дүйнө жүзүндө болуп жатканын, буйруса жазда президент Садыр Жапаров айткадай арзандап калса мурункудай арзанчылык жашоого барсак дейм.»

Жергиликтүү кеңештин депутаты Жамила Байкожоева

Ош шаарында окуган Ооган-Талаа айылынын тургуну, студент Эрлан Сайпиевдин айтымында алыска сапарга чыгуу бир топ чыгымды талап кылып жатканын, ошол чыгымды таппай калып алыс жолго чыга албай калган айыл тургундарын көрсөк болот деди.

«Азыркы учурда күйүүчү майдын баасы кымбаттап кетти. Мурунку баасы 33-34 сом болсо азыр 63 сом болуп эки эсеге кымбаттады. Көпчүлүк өзүнүн жеке автоунаасын узак жолго айдап чыга албай, үйүндө токтоп турат. Мурун күйүүчү май арзан болгонуна байланыштуу, өздөрүнүн жумушу жок болсо деле, аз гана акча коротуп, узак жолго чыгышчу. Азыр Базар-Коргон районуна Ооган-Талаадан барып келиш үчүн 600-700сомдук күйүүчү май куюшуң керек. Эгер унаа майды аз талап кылган үнөмдүү болсо, эгерде чоң унаа болсо анда 1000 сомдун тегерегинде күйүүчү май куюга туура келет. Ал эми мен Ошто окуйм. Мурун ар жума сайын келе берчүмүн. Азыр ар айда бир жолу же болбосо эки айда бир келип калдым. Анткени жол кире кымбат. Студенттерге да күйүүчү майдын кымбаттаганы таасир этип жатат.

Гумуш Жумалиевага да унаа айдоо кыйынчылык жарата баштады. Анткени күйүүчү май кымбаттап, капчыкка күч келип жатат.

Могол айылдык жергиликтүү кеңешинин депутаты, айдоочу Гүмүш Жумалиева

“Күйүүчү майдын кымбатташы мага эле эмес, жалпы адамдарга терс таасирин тийгизген болуш керек. Жөнөкөй унаасы жок адамдарга да, себеби жол акысы кымбаттады. Күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу, азык-түлүк, кийим-кече, дегеле бардык нерселер кымбаттап, жөнөкөй карапайым элге таасирин тийгизүүдө. Мисалга мен айдоочу катары айтсам унаам күйүүчү майды үнөмдүү эле иштетет, көп сарпталбайт. Ошентсе да мурунку учурларга салыштырмалуу керектөөм көп болуп калды. Мен өзүм эч жерде иштебейм маяна жок. Күйүүчү май арзандаса жакшы болмок.

Айдоочу Жумабек Сатаров:

“Мен күнүгө Ооган-Талаа-Базар-Коргон каттамында таксист болуп иштеймин. Күйүүчү май кымбаттап айдоочуларга көп кыйынчылык жаратты. Күйүүчү май арзан мезгилде таксиден тамак-ашыбыз кеңири чыкчу, азыр күйүүчү майдан ашпай калды. Жол акысы кымбаттады деген менен, күйүүчү майдан сырткары дагы унаанын тетиктерине да акча кетет да. Ошентип азыр күнүмдүк иштегенибиз унаа менен күйүүчү майдан ашпай калгандыктан, көпчүлүк такси кызматындагы айдоочулар иштебей коюшту. Маршруттук каттамдарга чыгып жатышат. Ал да Ооган-Талаа элине кыйынчылык жаратат. Анткени айылдын өзүндө маршруттук каттам жок. Кызыл-Үнкүр, Көк-Алма айылдарынын маршруттук каттамдары жүргүнчүлөрү көп болсо албай коюшат. Маршруттук каттам албай койгон Ооган-Талаанын жүргүнчүлөрү Чарбак айылына 2 км жөө барып, маршруткага түшүшөт. Элге эле кыйын болду. Жогору жакта отургандар билбей жатышат. «Ач кадырын ток билбейт» болуп жатат.”

Гулназ Камбарали кызы