“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон районунун мугалимдери математика сабагын окутуунун натыйжалуу ыкмаларын үйрөнүштү

12 Январь 2022 жыл 12:55
Көрүүлөрдүн саны: 298

USAID Жалал-Абад областы боюнча 3247 башталгыч класстардын мугалимдерин математика сабагын окутуунун натыйжалуу ыкмаларын үйрөтөт


Базар-Коргон району боюнча 14 улуттук тренер райондогу 461 башталгыч класс мугалимдерин 2022-жылдын 10-11-январь күндөрү семинар-тренингден окутушту.
Семинарлар №3 Бабур, №4 А.Навои, №30 Ө.Атабекова инновациялык гимназия мектептеринде өткөрүлдү.

Башталгыч класстын окуучуларынын базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн мугалимдерди натыйжалуу стратегияларды колдонууга үйрөтүү менен бирге, окуучулардын маселенин чыгарылышын негиздөө жана ой жүгүртүү көндүмүн калыптандыруу үчүн «Түшүндүрүү жана негиздөө» стратегиясын өздөштүрүүгө окутат.

Бул тренинг аркылуу окуучуларга математикалык кырдаалдарды болжолдоого жана талдоого (анализдөөгө), маселелерди алтернативдүү ыкма менен чыгаруу варианттарын сунуштоого, өздөрүнүн сунуштарын негиздөөгө мүмкүнчүлүк берүү менен, окуучулардын окуп- үйрөнүү ишмердүүлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мугалимдер даяр болушат.

Натыйжада, өлкө боюнча 13 500дөн ашуун башталгыч класстын мугалимдери 300 000 башталгыч класстын окуучуларына ийгиликтүү окуу жана жашоо үчүн зарыл болгон функционалдык окуу көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө түзөт.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргызстандын башталгыч класстардагы 300 000 окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1686 мектепте ишке ашырылып жатат.

Жаркын Маматова, Гүлназ Камбарали кызы