“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Январь усулдук күнү өзгөчө сабактар менен өтүлдү

12 Январь 2022 жыл 12:43
Көрүүлөрдүн саны: 416

Январь усулдук окуу күнү 2022-жылдын 11-январы күнү №30 Ө.Атабекова инновациялык гимназия мектебинде өтө жогорку деңгээлде болуп өттү.

Мугалимдер кесиптик чеберчилигин , тажрыйбасы менен бөлүшүп жогорку маанайда, инновациялык жаңы ыкмалар менен өткөрүлдү.
Январь усулдук күнүнө жалпы предметтик мугалимдер, мектеп жана Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, китепканачылар, лаборанттар болуп , жалпы 1255и катышты.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү секциялык иштерге катышып, жаңы маалыматтар менен бөлүшүштү.
Кыргыз тили жана адабияты сабагынан №30 Ө.Атабекова инновациялык гимназия мектебинин мугалими Д.Тажикулова “Туруктуу өнүгүүнүн методдору” деген темада мугалимдерге жаккан ачык сабак өтүп берди.

Химия сабагынан №42 К.Сооронбаев орто мектебинин мугалими Айтмаматова Рахат жаңы стандарттагы чыгармачыл сабагы менен өзгөчөлөндү.

Биология сабагынан №7 М.Мамбеталиев гимназия мектебинин мугалими Т.Жантөрөева, №22 Тагай уулу Камал орто мектебинин мугалими Н.Абдыкаримова, №26 Худайбердиев орто мектебинин мугалими М.Балтабаева, №45 Тарыхчиев орто мектебинин мугалим Э.Мурзакановалар кыскача иш тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Физика сабагынан №43 Улукбек орто мектебинин мугалими А.Маморжанов “Компетенттүүлүк” деген темада, Ж.Бөкөнбаев гимназия-жатак мектебинин мугалими Н.Эрбаева “7-класста физика сабагынын окутулушу”деген темада үлгүлүү сабактарды өтүштү.

География сабагынан Ж.Бөкөнбаев гимназия-жатак мектебинин мугалими Н.Шабданова “Түштүк Америка” деген темадагы сабагы мугалимдерге оң таасир калтырып, кесиптик чеберчилигин жогорулатты.
Кыргыз мектептеринин орус тили жана адабияты сабагынан чыгармачыл сабактарды:№6 Б.Осмонов гимназия мектебинин мугалими А.Юсупова “А.Фет “Бал”деген темада өтө кызыктуу өтүп берди.Ошондой эле башка сабактар боюнча да өтө кызыктуу өтүп берди.

Гүлназ Камбарали кызы