“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Арстанбап: Чынгыз Айтматовго арналган кече өттү

16 Декабрь 2021 жыл 9:16
Көрүүлөрдүн саны: 155

Арсланбоб атындагы √19 жалпы билим берүүчү мектеп мекемесинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арнап «Ч.Айтматов- өтмүш, учур жана келечек!» аттуу адабий кечеси болуп өттү.

Кечени Арстпнбап атындагы √19 жалпы билим берүүчү мектеп мекемесинин Кыргыз тили жана адабияты мугалими Райимжан кызы Фатима уюштурду.

Раимжан кызы Фатима кыргыз тил мугалими

Кечеге 5-8-9 класс окуучулары катышышты. Окуучулар Ч.Айтматовдун учкул сөздөрү, чыгармалары өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча маалыматтарды беришти. Залкар жазуучунун чыгармаларынын каарамандары ролдорун аткарып үзүндүлөр көрсөтүштү.


Көрүүчүлөр арасында кызыктуу конкурстар уюштурулуп жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

Гүлназ Камбарали кызы