“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргондук аксакал 61 жылдан бери чеп коргоп келет

12 Декабрь 2021 жыл 22:06
Көрүүлөрдүн саны: 105

Базар-Коргон районуна караштуу Коткор айылынын тургуну Орозбек Шабданов өз үйүнүн жанында дөңсөлөр менен чеп сыяктуу курчалган жайды коруп келет. Карыянын айтканына караганда бул жер Орто Азиядагы Түрк-Монгол кол башчысы Амир Темирдин чеби болгон.

Амир Темир иллюстациялык сүрөт

«Амир Темир убагында жердин үчтөн бир бөлүгүн ээлеген кол башчы болгон. Ал жердин дээрлик баардык тарабын басып алам деп ойлогон. Бала чагында улуу башчы жолдо баратканда, аксакалдар бул бала кыйын бала болот деп айтышкан экен. Кичинесинен эле тарбиясы жакшы болуп, аттын үстүндө кетип жатканда аксакалдарды көрсө, аттан түшүп, жүгүрүп барып учурашкан экен.

Андан бери канча убакыт өттү. Бизге мурун чоң аталарыбыз айтып берген, ал чептин ичине жаш балдарды киргизбейт элек, анткени чептин ичинде үндөр жаңырып, карангы жерлерден коркуп калышат «- деп билдирди Орозбек Шабданов.

Чеп коргогон Орозбек Шабданов

Шабданов бул жерди кезинде үлүш жерге айыл тургундарына берип жатканда бөлдүргөн эмес. Ага баары каршы болушкан. Аксакал тарыхый жерди сактап калуу аракетин көрүп жатканына карабай, 15-16 күн абакта да отуруп чыккан. Бирок коргондун ичине турак-жай салып алгандар да жок эмес.

Жунус Шабдановтун айтымында бул жерлерге СССР маалында эгин эгилип, дарактар отургузулган.

«Мен ушул жерде туулуп, ушул жерде өстүм. Коргондун ичинде биз ойноп жүрөт элек. Убакыт зымыраган куш экен. Андан бери канча убакыт өттү, дөңсөлөр да жаан жаап, мал тебелеп отуруп,  мурункудан жапыз болуп калды»-деди Шабданов.

Чептин азыркы көрүнүшү

«Бул жерден баары өздөрүнө керектүүсүн алгысы келет. Бирөөсү келип ак топурагын алып кетет. Экинчиси келип эгин эгем дейт. Бул чепта жылдан жылга жок болуп кетип атат. Ушул жер жакшы изилдене элек. Мурда Бишкектен келип, изилдешип жер астынан чыккан буюмдарды алып кетишкен. Менин жашым 87де. 60-70 жылдык мээнетими баалап, тарыхый жерге айландырса жакшы болмок», -деди Шабданов.

Орозбек Шабдановдун алган наамы

Баса белгилеп кетсек, Орозбек Шабдановду атайын чакырып, Кыргызстандын тарыхый жана табийгый мурастарын сактоого салым кошкондугу үчүн сыйлык берилген.

«Тарыхый жердин изилдениши азыр белгисиз. Бирок бул жайларда менчигинин түрүнө карабай, эч кандай курулуштар жүргүзүлбөй турган болуп, анын айланасында кандай гана курулуш болбосун, ал жерден алыс боло турган болуп чечилди. Башка жерлерде да ушундай жерлер көп. Алар сакталса келечекте изилдөөлөр болот деген ишенечтебиз!»- деп белгиледи Орозбек Шабданов.

Тимурлан Мелисбеков, Роза Анаркулова