“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Шайлоо- 2021: Элдин маалыматынын аздыгынан жараксыз бюллетендер көп болду

28 Ноябрь 2021 жыл 20:01
Көрүүлөрдүн саны: 61

Могол айыл аймагында Жогорку Кенешке депутаттарды шайлоодо жергиликтүү тургундардын маалыматынын аздыгынан Бирдиктүү округдан 132 бюллетень жараксыз болсо, бир мандатуу округдан 44 бюллетень жараксыз үкөгүнө түшкөн. 

Шайлоого Ооган-Талаа айылында жалпы 1859 шайлоочунун тизмеси катталып, 1859 бюллетень берилген. Шайлоого 666 шайлоочу келип, добуш берди. Негизи жергиликтүү тургундар №15 Базар-Коргон шайлоо участкасындагы талапкерлерге  жана бидиктүү шайлоо округундагы талапкерлерди шайлашты.

Эркин Турдукулов Могол айыл өкмөтүнүн башчысы:
«Шайлоо жакшы өтүп жатат, элдердин келиши да жакшы, бирөө менен бирөөнүн иши жок, жергиликтүү калк өз каалоосу менен келип добуш берүүдө. Бюллетень боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, арасында түшүнбөгөндөрү да болуп жатат, биринчи партияны шайлап ичиндеги талапкерлерди шайлабай коюп, ал бюллетендер жараксыз бюллетендерге кирет. 27% шайлоочулар келди азыркы саатта, кечке чейин 40% жетет деген үмүттөбүз».

Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов

«Мен Шахиста Камылова бүгүн 2153 шайлоо участкасында шайлоого катышканы келдим. Бүгүнкү шайлоо мурунку шайлоолорго салыштырмалуу өзгөчө,анткени тынч, үгүтөгөнү эч ким жок, баардыгы өзү менен өзү, санитардык-гигиена талаптары сакталып жатат. Адамдар келип, өзүнүн келечегине, ишенген партияга добушун берип жатышат. Мага ушул форматта болгон шайлоо жакты».

Жергиликтүү тургун Шахиста Камылова

Жалил Орозов пенсионер

Жалил Орозов пенсионер:

«Маанайым абдан жакшы, мурунку шайлоолорго салыштырмалуу кыйла тынч өтүп жатат, тартип болуп калыптыр, үгүттөө иштери жок.»

Арапат Абитова мугалим:

«Шайлоо мыкты өтүп жатат, мурунку шайлоолордун азыркы шайлоого салыштырмалуу жер менен асмандай айырмасы бар. Анткени мурун басым, кысым көп эле, азыр баары өз эрки менен. Бюллетенде өзгөрүүлөр бар экен, туура эле тапшырдым деп ойлойм, бул бюллетень менен тандоого көбүрөөк мүмкүнчүлүк бар экен.»

Могол айылдык жергиликтүү кеңешинин депутаты Кадича Жумабаева

Мен Жумабаева Кадича Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутатымын. Бүгүн Жогорку кеңештин депутаттарын шайлоосу аябай жакшы өтүп жатат. Буга чейинки шайлоолордо тополоң, ызы-чуу менен өтсө, азыр тынч, эч ким менен эч кимдин иши жок, элдер бирин-бири кармап, бирин-бир жетелеп, үгүттөшүп, үйлөрүнөн ташып алып келип, шайлатышса, азыр мен депутат катары эртеден баштап байкап отурам, эч ким алып келбей эле, өзүлөрү келип каалаган партиясына добуш берип жатышат.  Элдин маалыматынын аздыгынан кээде партияны шайласа, талапкерлерди шайлабай койгон учурлар да кездешип, бюллетендер жараксыз болуп калган учур болду. Санитардык-гигиеналар да ыңгайлаштырылган, беткап тагынып, антисептик менен колдорун тазалап, жатышат.

Шайлоонун жыйынтыктары Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун фейсбуктагы баракчасынан түз көрсөтүлүп, алыс жакта жүргөндөр да айылындагы шайлоонун жүрүшүн, жыйынтыгын көрүштү.

Ширин Маратбекова, Аймээрим Саитжанова, Тахмина Суеркулова