“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жаңгак карантини табигый жаңыланууга шарт түзөт

26 Ноябрь 2021 жыл 2:59
Көрүүлөрдүн саны: 111

Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак токойлорунун жашы кылымдан ашты. Акыркы расмий статистика бүткүл жаңгак массивинин дээрлик 50%ын 110-130 жаштагы бак-дарактар түзөрүн, 20%га жакыны 90 жылдан бери өсүп келе жатканын, калгандары жаш деп эсептелинет — алар 20дан 60 жашка чейинкилер.

Бир жагынан, сандар укмуштуудай: оо, кандай жаңгактар узак жашоочулар!

Экинчи жагынан алар көңүлдү чөгөрөт – жаңгак токою карып баратат, табигый жаңылануу жай жүрүп жатат, анын ичинде адамдын кийлигишүүсү жана анын социалдык-экономикалык ишмердүүлүгү. Бак-дарактарды контролсуз кыюу, мал жаюу, жаңгактарды жана башка токой продуктуларын «тазалап» чогултуу жапайы жаңгак, мисте, бадам, алма, кара өрүк жана алмурут токойлорунун уникалдуу өсүмдүктөрүнүн аянтынын куурап, кыюуга алып келүүчү негизги себептери болуп саналат.

Анын көлөмү адегенде дээрлик 1500 000 гектар болсо, бүгүнкү күндө 2,5 эсеге кыскарды. Жаңгак токою 34 миң гектар жерде калган.
Токойдун карып кетишине жана жок болушуна жол бербөө жооптуу жана чечим кабыл алгандардын да, токой аркылуу киреше тапкандардын да колунан келет.

Жангак токою

Жакында эле Арстанбап-Ата токой чарбасын жетектеген Батыр Үмөтов өзүнүн токой чарбасынын токоюна эксперимент жүргүздү. 1 сотых жерге 120 көчөт (анын 25и жаңгак), “карантиндик” аймакка табигый жаңыланууга шарт түздү. Алыскы жайыттарда жүргөн чабандардын жандыктарына жана малдардын бул аймакка кирип кетишин токтотууга тийиш болгон видеокөзөмөл жана шлагбаум орнотулган.

Токойдон терилген жагактар

«Бирок жергиликтүү тургундар токой “карантинине” даяр эмес болчу, бул алар үчүн пайдалуу эмес, анткени алар күнүмдүктү гана ойлоп, жашап жатышат. Ал гана эмес депутаттар да эмнеге элди кыйнап жатасыңар? деп суроо беришкен— дейт токой чарбасынын директору. Ошондуктан былтыр 35 гектар токойдун ордуна 10 гектарга гана жаңы көчөттөр отургузулган. Жаңгактар 15-20 жылдан кийин гана пайда болот.

2-3 жылда мөмө бере турган эрте бышкандары да бар. Бирок мындай көчөттөрдү өстүрүү жана отургузуу табигый токойго зыян келтирет. Жакшы түшүм берген, бирок бышык эмес гибрид түрлөрүн алсак болот. Ошондуктан биз жаңгактын жергиликтүү түрлөрүн гана отургузууга аракет кылып жатабыз», — деп сөзүн улантты Батыр Үмөтов.

Арстанбап-Ата токой чарбасынын башчысы Батыр Уметов

Токой чарбадагы жаш өскөн жана астыңкы бак-дарактуу участоктор үй жаныбарларынан тосулган, жергиликтүү чарбаларда алардын саны акыркы убакта бир топ көбөйгөн. Токой чарбасынын планы боюнча быйылкы жана кийинки жылдары эл аралык долбоорлордун колдоосу менен 8 гектар токой курчоого алынат. Токой чарбасы тосмолорду жер тилкелери менен бирге жергиликтүү тургундарга ижарага берет. Алардын милдеттенмелери арендаторлор менен түзүлгөн келишимдерде жашылдандыруу, консервациялоо жана көчөт отургузуу боюнча да так жазылган.

«Баары менталитеттен жана маданияттан көз каранды – кээ бирөөлөр өз участокторуна кам көрүшөт, айрымдары жөн эле оруп жатышат. Бирок биз бак-дарактар өсүп жатабы, каралып жатабы, ошону көзөмөлдөп жатабыз», — деп түшүндүрөт Уметов.

Арстанбап-Ата токой чарбасындагы 3200 гектар жаңгак эгилген болсо, анын 2500 гектарын тургундар ижарага алышкан. Айыл округунун калкынын бир кыйла бөлүгү, 30 миңден ашуун адамы ижарага алынган жерде өскөн жаңгак, мөмө-жемиш, дары чөптөрдү чогултуу менен күн кечирет.
Шерзот Болалиев акыркы 8 жылдан бери бир гектар жаңгак токоюна убактылуу ээлик кылып келген.

«Өзүмдүн участогумдан сезондо 400-500 кг жаңгак алам. Мындай түшүмдү 50 дарак берет», — дейт ижарачы.

Ижарачы Шерзод Болалиев

Арстанбап-Ата токой чарбасынын аймагындагы 1 гектар жердин ижара акысы 1200 сом. Бирок ал жерде бир гана жаңгак өссө же мөмөлүү дарактар болсо өзгөрүшү мүмкүн.

«Жаңы Токой кодексине ылайык, ижаралык каражаттар мамлекеттик бюджетке түшөт. Биздин өлкөдө бул сумма жылына 3,5 миллион сомду түзөт”, — деп түшүндүрөт Батыр Үмөтов.

Анын айтымында, быйыл ижарачылар жаңгактын жакшы түшүмүн — орто эсеп менен 200 кг чейин жыйнашкан. Арстанбап базарында 1 кг 75-80 сомдон сатылууда. Бүтүндөй жаңгактын дандары (манызы)1 кг 450-500 сомдон сатылат. «Быйыл Россиялык ишкерлер бизден кабыгы тазаланган жаңгак сатып алышты. Аны Германияга экспорттоо үчүн кооз чаптама менен кутуларга салып коюшкан», — дейт Арстанбап айылынын тургуну Барно Жалалова.

Арстанбап айылынын тургуну Барно Жалалова.

Анын үйүндө жаңгак бөлүүчү цех жабдылган. Бул жерде жалданма аялдар иштейт. Барнонун айтымында, жумушчулар санитардык гигиенаны сакташат, жаңгактарды кармаар алдында колдорун жакшылап жуушат, беткап жана кол кап колдонушат. Күн сайын 200 кг жаңгак бөлүп, ар бир 10 кг үчүн 200 сомдон алышат.

«Бул сезондо жаңгактын килограммын 75 сомдон сатып алдык. Жалпы чыгымдын 1 кг кабыгынан алынган жаңгактын баасы 95 сомду түзсө, 1 килограммынан 20 сом пайда болду», — дейт ишкер.

Жаңгак даны (маңызы)

Жергиликтүү тургундар жаңгак сатуудан түшкөн акчаны мал сатып алууга жумшашат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун калкынын экономикалык активдүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөн.

Мамлекеттик агенттиктин директору Алмаз Мусаевдин айтымында, аналитикалык маалыматтар бул жаатта мал чарбачылыгын эмес, токой чарбасын өнүктүрүүгө артыкчылык берүү керектигин көрсөтүп турат.

«Эл менен иштейбиз, аларга айтабыз, түшүндүрөбүз Базар-Коргондун эти менен эч кимди таң калтырбайсың, бирок Базар-Коргон жаңгагы менен баарын таң калтырасың. Жаңгак токойлорунун плантацияларын сактоо жана көбөйтүү менен эки эселенген эффект ала аларын бардыгына түшүндүрүшүбүз керек – экономикалык да, экологиялык да”, – деди Алмаз Мусаев.

Мамлекеттик агенттиктин директору Алмаз Мусаев

Жаңгак токоюна болгон ашкере керектөөчүлүк мамилени өзгөртүү жана жергиликтүү калкты кирешенин альтернативалуу булактарына “которуу” бир нече жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе.

Батыр Үмөтов туризм, балчылык, балык чарбасы, органикалык өндүрүш сыяктуу тармактарды райондук деңгээлде ийгиликтүү өнүктүрүүгө болот деп эсептейт. Ал дагы бир экспериментти жасалма көлмөгө балык өстүрүүнү жана туристтик боз үй шаарчасын ачууну токой чарбасын өнүктүрүүнүн 5 жылдык планына киргизген.

Бул мисал дагы эле жаңы жана белгисиз нерселердин баарына каршы турган жергиликтүү тургундарга таасирдүү болуусу керек!

 

Тимурлан Мелисбеков