“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Талдуу-Булак: Салынып жаткан көпүрөнүн курулушу токтоду

24 Ноябрь 2021 жыл 1:51
Көрүүлөрдүн саны: 54

Базар-Коргон районундагы Каба токой чарбасындагы Уйгур-Сай аталышында суу жээгине ашар жолу менен көпүрө куруу башталып, акча каражаттын жоктунунан токтоп турат.

Мен өзүм Каба айылынан болгондуктан элге кыйынчылык жараткан көпүрө маселесине салым кошсом деп жатам деген Каба токой чарбасынын мурдагы жетекчиси Улукбек Абдикаримов төмөндөгүлөргө токтолду:

«Көпүрөгө жалпы токой чарбанын эсебинен 30миң сомдук жардам берилди. Мындан сырткары өзүмдун эсебимден он миң сом акчалай жардам берем деп турам. Бүгүнкү күндө мен Каба токой чарбасынан Ачы токой чарбасына которулуп кетсем дагы, баштаган ишимдин акырына чыгарып койсом деп турам. Себеби мен Каба айылынын тургуну катары элдин сайды өтүүдө кыйынчылыкка учурап жатканын көрүп жүрөм. Элдин түйшүгүн жеңилдетүү максатында ушул көпүрөнү баштаганбыз. Эл үчүн көпүрөнү оңдоп акырына чыгарабыз деп ойлойм. “-деп билдирди Каба токой чарбасынын мурунку жетекчиси Улукбек Абдикаримов.

Көпүрө куруу учуру

Көпүрөнү курууда чон салым кошкон жана жергиликтүү кенештин сессиясына алып чыккан Акбар Жорабаев жалпы 90 миң акча кеткен көпүрө толук салынбай токтоп калганын билдирди.

Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Акбар Жорабаев:
“Жалпы Эл аралык уюмдар тарабынан 30 миң сом, Каба токой чарбасы 30 миң сом, калган 30миң сомду эл ашар жолу менен топтоду. Көпүрөнү курууда жергиликтүү тургундар ашарга чыгып, өздөрү цементтин куюшту. 90 миң сомдон ашык каражаты сарпталды. Дагы бир 60 миң сомдук акча болсо көпүрөнүн үстүн бүтүрп элге пайдаланууга берет элек. Азыркы күндө дагы 60 миң сом акча каражаты керектелет”.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Акбар Жорабаев

Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Исаков:
“Каба айылында ашар жолу менен көпурө башталган. Бул маселе боюнча жергиликтүү эл, депутаттар кайрылышты. Бирок өкмөт дотацияда отургандыктан бул маселени чечүү үчун долбоорлорду издеп жатабыз. Буйруса демөөрчү таап көпүрөнү бүтурөбүз деп турабыз.”

Бул сай аркылуу көп жергиликтүү тургундар өтөт. Ошондуктан аны бүтүрүү абдан маанилүү деди Каба айылынын тургуну Нурмира Романова.

«Көпүрө салабыз деп демилге көтөрүлүп чыканда ар бир үй акча бергенбиз. Бирок ал жетпеди. Көпүрө айыл эли үчүн абдан маанилүү. Айылдан чыккан эр азаматтар, долбоорлор чыгып көпүрө бүтүп калса жакшы болот эле. Элдин дагы бир көйгөйлүү маселеси чечилмек»-деди Романова.

Көпүрө маселеси жергиликтүү кеңештин сессиясында да каралган

Материал Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз-карашын чагылдырбайт. 

Гулназ Камбарали кызы