“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Айыл өкмөт кызматкерлери маалыматтык компания өткөрүүнүн механизмдерин үйрөнүштү

24 Ноябрь 2021 жыл 3:20
Көрүүлөрдүн саны: 41

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак жана Могол
айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнө «Маалыматтык компания өткөрүүнүн механизмдери» аттуу тренинг өткөрүлдү

Ооган-Талаа айылында болуп өткөн окутуу учуру

Тренинге айыл өкмөт кызматкерлери
• маалымат кампаниянын каналдары жана инструменттери
• маалымат кампаниянын өткөрүүнүн максаты баракчалар аркылуу айыл өкмөттүн ишмердүүлүгү
• социалдык тармактар менен маалымат жайылтуу
деген темалар менен таанышып чыгышты.

Махира Каримбекова мугалим «Мен үчүн окутуу кызыктуу болду. Анткени пресс релиз деп көп укчуумун бирок анын маанилүүлүгүн билбеген экенмин»

Жергиликтүү кеңештин депутаты Жамийла Байкожоева

Айылдык кеңештин депутаты Жамийла Байкожоева:
«Мурун маани бербеген нерселерди көрүп, угуп билип алдым. Мага жакты. Бизге өтө соонун кылып, кеңири баарын чечмелеп түшүндүрүп берди. Биз көп темаларды өттүк. Мисалы: Пресс релиз жазуу, пресс папка, пресс-конференция өтүүнүн эрежелери боюнча маалымат алдык.Үйрөнгөн нерселерибиз айыл өкмөт кызматкерлерине, студенттерге, жалпы эле элге да  керек экен. Анткени алар көптөгөн нерселерди айтсаң чечмелеп бере алышпайт. Ушундай маалыматтарды бизге берип, үйрөтүп турса биздин ой-жүгүртүүбүз өсөт. Ой жүгүртүүбүз өссө бир нерсени талдап, тактап калабыз. Ушундай окуулар болуп турса жакшы болмок».

Абдымиталип Мамытов «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фондунун адиси:
“Тренинг «Жергиликтүү деңгээлде кызматтарды жакшыртуу» долбоордун алкагында өткөрүлдү. Бул долбоор Швейцария өкмөтүнүн каржылоосу менен Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташуу башкармалыгы аркылуу Хелветас, Өнүктүрүү саясатынын институту жана «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.”-деп белгилеп кетти.

«Аялдар тынчтык банкы» коомдук фондунун адис Абдымиталип Мамытов

«Тренингде айыл өкмөт кызматкерлери маалымат кампаниянын каналдары жана инструменттери, маалымат кампаниянын өткөрүүнүн максаты, социалдык баракчалар аркылуу айыл өкмөттүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат жайылтуу деген маселелер менен таанышып чыгышты. Биз ишенебиз ушул тренингте үйрөнгөн нерселерине айыл өкмөт кызматкерлери жана айылдык кеңештин депутаттары өз ишинде ишке ашырышат»-деди Мамытов.

Окууда ар түрдүү, жалпы айыл өкмөт кызматкерлерин кызыктырган суроолор берилди

Ооган-Талаа айылынын тургуну Таалай Кошалиев:
«Хелветас» жана «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду уюштурган окуудан өттүк. Фейк маалыматтарды аныктоону үйрөндүк, сайттар менен иштедик, социалдык баракчаларды колдонууну үйрөндүк. Бул окууда биз кызыккан суроолорду бердик жана өзүбүзгө керектүү маалыматтарды алдык».

Ооган-Талаа айылынын тургуну Таалай Кошалиев

Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкери Айчүрөк Уланбек кызы тренинг башка тренингтерге окшобогонун жана жөнөкөй тилде кыйын терминдерсиз өтүлгөнүн айтты.

«Социалдык баракчаларга айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды социалдык баракчаларга жайылтуу, конференцияларды уюштуруу, пресс релиз жазууну үйрөндүк. Мен ойлойм биздин өкмөттүн кызматкерлери үчүн да пайдалуу болду. Натыйжада көптөгөн жетишкендиктерге жетебиз деп ойлойм.

Материал Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз-карашын чагылдырбайт.

Тимурлан Мелисбеков