“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөтбаян: Базар-Коргондо жаңгак фестивалы өттү

17 Ноябрь 2021 жыл 23:47
Көрүүлөрдүн саны: 62

Базар-Коргон шаарынын борборунда “Жашыл экономика-өнүгүүгө өбөлгө” аталышындагы жаңгак фестивалы өттү.

Фестивалдын катышуучулары

Саамалык алкагында жаңгактан жана башка токой продуктыларынан жасалган даамдар, жыгачтан жана жаңгактын кабыгынан жасалган кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жарманкеге коюлду. Ошондой эле, туризм жана ишкердик боюнча презентациялар жасалды.

Тоолуу туризм боюнча көргөзмөгө тоого керектелүүчү шаймандар коюлду

Фестивалга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Джанысак Сатыбалдиев, иш-чараны уюштурууга көмөктөшкөн бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, токойчулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Базар-Коргон районунун акими Джанысак Сатыбалдиев

Джанысак Сатыбалдиев Базар-Коргон районунун акими:

Иш-чараны уюштурууда эң негизгиси көпчүлүк коомдор жардам берди. Райондук администрация, токой чарбалар, жардам беришти. Бизде уникалдуу жаңгак токойлор бар, ошонун продукциясын иштетүү, аны кайра иштетүү боюнча шарттар, мүмкүнчүлүктөр бар экендигин көрсөтүштү. Жалаң токой эмес, туризмди дагы өнүктүрүү жагынан дагы иштеп жатышат. Мекеме-ишканалар да фестивалды уюштурууга салым кошушту. Фестивалдын максаты райондун байлыктарын, эң негизгиси шарттарын көрсөтүү.

Йоахим Фритц, GIZ өлкө боюнча директору

«Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары, жана коноктору

Сиздерди бүгүн уюштурулган жаңгак фестивалы менен куттуктайбыз. Жана чакырганыңыз үчүн GIZ жана Өнүктүрүү боюнча Германия Кызматташтыгы атынан ыраазычылык билдиребиз.

Ноябрдын өтө суук таңында ушул жерде туруп, мен 2019-жылдын жылуу жана күнөстүү май айында Жалал-Абад облусуна GIZ тарабынан колдоого алынган долбоорлорго биринчи жолу барганымды так эстейм.
Жаратылышыңыздын сулуулугуна, элиңиздин боорукердигине жана меймандостугуна суктангам жана бүгүн бизди бириктирип турган жаңгак сыяктуу даамдуу азыктарды себеп кылып ушул өзгөчө күндү сиздердин демилгениздер менен майрамдап жатабыз.

Кыргызстанда жана көптөгөн чет өлкөдөгү адамдар үчүн сиздин аймак уникалдуу табигый жаңгак токойлору менен белгилүү жана мактоого татыктуу. Экономиканын туруктуу өнүктүрүүдө биргелешип ийгиликке жетүүнүн дагы бир маанилүү фактору – бул бардык адамдардын жана мекемелердин ортосундагы кызматташтык, ошондуктан мен көптөгөн өнөктөш уюмдардын менен сиздердин бүгүн майрамдоо, өз продукцияңызды көрсөтүү бар экенин көрүп кубанычтамын. Жана дагы сиздин аймакты мындан ары өнүктүрүү жана жаратылыш ресурстарыңызды сарамжалдуу пайдалануу боюнча маанилүү маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү бар экени кубандырат» -деди Йоахим Фритц, GIZ өлкө боюнча директору.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев

Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев:

«Бүгункү Базар-Коргон районунда өтүп жаткан фестивалга биз да четте калбадык. Тоолуу аймакта жайгашкан мектептер иш-чарага катышып жатышат. Алар жаңгакка байланыштуу көргөзмөлөрүн сабакта колдонгон көргөзмөлөрүн алып келип, көргөзмөгө коюшту.

Негизги биздин максатыбыз бүгүнкү күндө балдарга токойлорду, жаратылышка аяр мамиле жасоону үйрөтүү жана жайылтуу. Белгилүү болгондой жаңгак бул кыргыздын бир сыймыгы ушул нерселерди элге жеткирүү менен анын пайдасын, дарылыгын жеткирүү. Тоолуу өрөөндө жайгашкан мектептер токойлорду сактоо боюнча чет элдик долбоорлор менен иштеп жатышат».

Фестивалдын катышуучусу Замира Адышева

«Жаңгак фестивалы бизде жылда болуучу фестиваль. Быйыл мынакей, өзгөчө болуп Базар-Коргондо өткөрүлүп атат. Жаңгак фестивалына ар түрдүү адамдар, тоодон келиптир. Жаңгактан жасалган тамактар коюлуптур, биздин апаларыбыз, чоң энелерибиз жасап берүүчү тамактар жасалыптыр. Жаңгактын касиети чоң, пайдалыгы да көп. Эгерде Ноокен мисте менен белгилүү болсо, биз жаңгагыбыз менен белгилүүбүз», -деди №42 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси.

Мааданбек Караев Кыргызстандын жаңак жана токой өстүрүүчүлөрдүн бирлигинин төрагасы

Мааданбек Караев Кыргызстандын жаңак жана токой өстүрүүчүлөрдүн бирлигинин төрагасы:

«Иш-чара эң жакшы уюштурулган фестиваль. Фестивалда биз көптөгөн кишилер менен таанышып, маектешип, өзүбүз бир тармакта жүргөн кишилер жакшы жыйынтыктарга келе туган маселелрди чечип жатабыз. Буйруса мындан да жакшы аракет жасап жатабыз. Ар бир мекемеге, токой чарбага атайын көргөзмөлөр уюшулган. Келген конокторго кызыктуу. Биздин продукцияларды көрүп, кызыгуу менен жаңгактын сорттору тууралуу сурап жатышат. Фестивалга атайын даярдык менен келдик».

Жаңгактын жаңы сорту

«Биздин долбоор башка өлкөдөн жаңгак көчөтүн алып келип, Кыргызстандын шарттында өстүрүү.Бүгүнкү мезгилде жаңы кыргыздын жангагынын сорту чыкты. Дүйнө жүзундө сапаты эң жакшы жаңгак чыкты. 2014-жылы биринчи жолу өлкөгө алып келип, отургузуп быйыл мөмө бере баштады. Бул сорттун өзгөчөлүгү кабыгы жука келип, кол менен чагылат. Стандарт, маңызы ак болот. Көчөттөрүн көбөйтүп, токойду жаңылаганга жаңы жол. Ассоциацияда 17 сорт бар. Текшерүүдөн өтөрүп жатабыз. Илимий изилдөө борборуна да бул көчөттөн бергенбиз. Алар да азыр өздөрүнүн изилдөөлөрүн жүргүзүп жатышат», — деди Караев.

«Нур-Эне» шайыр апалар тобунун мүчөсү Сурмакан Курбанова

«Мен Сурмакан Курбанова, Базар-Коргон районунун тургунумун, «Нур-Эне» деген шайыр тобунун мүчөлөрүбүз. Биз көп жылдан бери «Жаңгак-фестивалына» катышып келе жатабыз. Жаңгагыбыз биздин сыймыгыбыз, дагы Арсланбоб, Дашман, Кызыл-Үңкүр токойлору менен биз бүткүл дүйнөгө таанымалбыз. Ушундай фестивалдарга катышканыбызга чексиз ыраазыбыз. Жергебизге тынчтык болсун, жаңгактын сапаты жакшырып бүт дүйнөгө тааныла берсин. Жаңгактын дарылык касиети көп, жаңгактын тамырынан баштап учуна чейин дары. Фестивалга чет өлкөлүктөр, меймандар келип атышат, баарына биз кубанычтуубуз».

Токой чарбалардын көргөзмөсү

Жаңгактан жасалган шириндиктер көргөзмөгө коюлду

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучусу Тимурлан Мелисбеков тарткан кино биринчи орун алып, грамота жана белектер менен сыйланды

Ар бир токой чарба өздөрүнүн уникалдуу, өзгөчө сорттогу жаңгактарын көргөзмөгө коюшту.

Жаңгак менен жасалган кыямдар

Фестивалда жаңгак токой аянттарын кеңейтүү, сактоо жана түшүмдү кайра иштетүү, экспортун көлөмүн жогорулатуу маселелери тууралуу сөздөр айтылды. Конференциялар уюштурулуп, талкуулар өттү.

 

Гульназ Камбарали кызы, Айдай Жапарова

Сүрөт: Тимурлан Мелисбеков