“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Окуу керемет» долбоорунун алкагында директорлор менен окуу бөлүм башчылары окуду

11 Ноябрь 2021 жыл 7:27
Көрүүлөрдүн саны: 58

USAIDдин «Окуу керемет» долбоору мектептерде мугалимдердин окутуу
методикасын жакшыртуу максатында усулдук колдоону өнүктүрүүгө салым кошот.

Базар-Коргон районундагы долбоорго кирген максаттуу мектептеринин жалпы 98 директору жана окуу бөлүм башчылары окуудан өтүүдө.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук кабинетинин башчысы, улуттук тренер Жаркын Маматова окутуу учурунда

Аталган окууну 10-11-12-ноябрь күндөрү жетекчилерге Базар-Коргон районундагы билим берүү бөлүмүнүн методисттери, «Окуу керемет» долбоорунун улуттук тренерлери Жаркын Маматова, Сабира Мурзаева, Гүлмэрим Масабировалар «Sabakapp» сабакка байкоо жүргүзүү, «Мектептерде усулдук колдооону уюштуруу» программасынын алкагында окутуп жатышат.

Аталган окутуунун улуттук тренерлери Гүлмэрим Масабирова, Жаркын Маматова, Сабира Мурзаева

Улуттук тренер жана Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук кабинетинин башчысы Жаркын Маматова төмөндөгүлөргө токтолду:

«2021-жылдын, ноябрында, Жалал-Абад облусу боюнча 745 райондук
жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттерин, мектеп директорлорун,
директорлордун орун басарларын максаттуу мектептердин мугалимдерине окууга жана жазууга үйрөтүү методикасын жакшыртууга багытталган «Мектептерде
усулдук колдоону уюштуруу» программасынын алкагында окутуудан өттүк.

Окуу кызыктуу, таасирдүү өтүүдө

Натыйжада, башталгыч класс мугалимдери усулдук колдоо менен сабактардын
сапаттын жогорулатып, башталгыч мектеп окуучулары окуу көндүмдөрүн
жакшыртат», -деди Маматова.

USAIDдин «Окуу керемет» долбоору Кыргызстанда башталгыч
мектептердеги 300 миң окуучунун математика жана окуу сабактары боюнча
жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган.

Долбоор Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1686 мектепте ишке
ашырылып жатат.

Ал эми Базар-Коргон району боюнча 9 тренер, 576 башталгыч класстардын мугалимдери, 48 китепканачы, 15397 окуучу долбоордо билим алышууда.

Мектеп директорлору планшеттен Sabakapp, Baalooapp программалары менен иштешүүдө

“Бизге «Окуу керемет» долбоорунун алкагында окуу абдан жакшы мүмүнчүлүк болуп отурат. Биздин √30 Ө.Атабекова инновациялык гимназия мектебинде башталгыч класс эки тилде окутулат. Бир жылдан бери башталгыч класс мугалимдерибиз 3-4-5-1-модулду окуп бүтүрүшүп, азыр 2-модулду эми окушат. Абдан эффективдүү, тренерлер байкоого келип, сабактарга катышып жатышат. Тесттен да мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү. Азыр биз жетекчилер, окуу бөлүм башчыларын окуп жатабыз. Биз дагы эки күндөн бери көптөгөн керектүү маалыматтарды алып, үйрөнүп гана тим болбостон практика жүзүндө башталгыч класстардын мугалимдерин байкоону, сабактарына кирип, кайтарым байланыш берүүнү үйрөндүк. 2024-жылга чейин улана турган долбоорго активдүү катышып, өркүндөтөбүз, ыкмаларды колдонууну улантабыз деген ишеничтебиз»,- деди √30 Ө.Атабекова инновациялык гимназия мектебинин директору Парпибай Кахаров.

Бактыкан Айдарова Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси:
“Үч күндүк семинарда «Усулдук окутууну колдоону уюштуруу» боюнча окуп жатабыз. «Окуу керемет» долбооруна район боюнча 48 мектеп камтылган. Долбоор кызыктуу. Биздин биринчи эле максатыбыз окуучуларга терең билим берүү, билим сапатын, мугалимдердин чеберчилигин жогорулатуу, бири-бири менен тажрыйба алмашуу, окууда окуган билимдери менен бөлүшүү болуп саналат. Окутуудагы тренерлер тажрыйбалуу, билимдүү, жеткиликтүү өтүп жатышат. Долбоордун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирем.”

Нафиса Халитова Бабур мектебинин башталгыч класстарынын окуу бөлүм башчысы:
“Биз азыр «Окуу керемет» долбоору тарабынан уюшулган окуудан өтүп жатабыз. Окуу аябай кызыктуу, себеби модулдар түшүнүктүү жакшы берилген. Бул модулдагы бардык стратегияларды колдонуп жатабыз. Окуучулар үчүн кызыктуу. «Balooapp» программасы мугалимдер үчүн эффективдүү. Программа балдардын билимин баалоо үчүн оңой усул экен. Балага кайтарым байланыш берип, анын билимин баалап, мугалим сабагын андан ары пландай алат. Бизди окутуп жаткан тренерлерге ыраазычылык билдиребиз. Мындан кийин да ушул сыяктуу окуулар тез-тез өткөрүлүп турса демекмин.”

Окутууда ар бир максатуу мектептерге бирден планшеттер долбоор тарабынан берилди.

Гүлназ Камбарали кызы