“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Курманжан Султанова: Окуучулар менен иштөө кызык

3 Ноябрь 2021 жыл 0:20
Көрүүлөрдүн саны: 47

Сузак районундагы Орто-Сай мектебинин жаш мугалими Курманжан Султанова бир эле мугалимдик кесипти гана аркалабай, ар тараптан өнүгүү, жаштарга өрнөк болчуу ыктыярчы да болуп иштейт.

Жаш адис Курманжан Султанова

Курманжан Султанова 15-январда 1998-жылы Сузак районуна караштуу Орто-Сай айылында туулган. Кичине кезинен мугалим болууну каалап, айылдагы кошуна теңтуш балдарга жана кыздарга сабак өтүү менен алгачкы мугалимдик кадамдары белгилүү болгон.

Курманжан Султанова класстагы окуучулары менен

Улам чоңойгон сайын, үй бүлөлүк шартына байланыштуу ар кайсы мектептерде билим алып, (Токтогул,Таш-Көмүр шаарларында) мугалим болуу максаты унутулуп, адамдардын укугун коргойм деп юрист болууну самаган.


Бирок, 2015 — жылы окууну аяктап, Жалал-Абад педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин тарых адистигине тапшырып, билим алган.

IDEA долбоору менен иштеп жүргөндө

Окуу учурунда өзүн өзү өнүктүрүү үчүн ар кайсы иш чараларга, коомдук уюмдарда ыктыярчы болуп, коомго жардам бере турган инсан болгусу келип, окуучулар менен иштөө кызык болуп баратты.

«Ар бир катышкан семинар, тренинг жаңы ачылыш, жаңы нерсени үйрөнүү» Курманжан Султанова

Негизинен мугалим болууда бирден бир максаты Орто-Сай айылында жайгашкан №51 С.Жээнбеков мектебинин окуучуларынын ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, жашоодогу бар болгон мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу, көрсөтүү болгон.

Альмаз Дүйшөбаев менен көп долбоорлордо иштедим

Негизи окуу жайда окуп жүргөндө бир мугалимдин сунушу менен, өзүн сыноо максатында Чолок Терек айылындагы Т.Идирисова мектебинде 3- курста иштеп көрдү.


«Ошондо чындыгында мугалим болуу кыйын экенин биле алдым. Өзүм негизи 9-класстан баштап ыктыярчылык менен алектенип, 10-класста «Инстрим» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган «Стартап клуб» бизнести жаштарга үйрөтүүчү долбоору менен башталган. Андан сон, көптөгөн медиа, адам укуктары, шайлоо процесстери, дебат боюнча тренинг, семинарларга катышкам. 2018-жылдан тарта, Борбордук Азиядагы «IDEA CA» уюмунун Балдарга жана жаштага ынгайлуу шаар долбоорунда Таш-Булак жана Ырыс айыл өкмөтү боюнча ментор болуп, 2019-жылы «Жаш-Аракет» долбоорунда Базар-Коргон жана Тайгараев айыл аймгы боюнча ментор, 2019-2020-жылдары Эл аралык толеранттуулук үчүн коомдук фондунда стажер болуп, Германияга тажрыйба алмашуу боюнча барып келгем»-деди Курманжан.

Германияга тажрыйба алмашууга барганда

2021-жылы кайра эле Эл аралык толеранттуулук үчүн  фондунда, IDEA_CA долбоору менен иштеп, 2021-жылдын февраль айынан тарта, «Youth of Osh» коомдук бирикмесинде июнь айынан тарта Сузак айыл өкмөтүндө ментор болуп окуучулар менен негизи иш алып барып келем. Мугалим болуп 3-курста иштегем, сентябрь айынан тарта Орто-Сайы айылында жайгашкан С.Жээнбеков мектебинде иштеп келе жатам. 2019-жылы экс президент тарабынан Президенттик стипендияга ээ болгом, мугалим болгондон бери Ленин айыл өкмөтү тарабынан 1 диплом алдым»-деп билдирди Курманжан Султанова.

Экс президент Сооронбай Жээнбековдон грамота алган учуру

IDEA_CA долбоорунун Жалал-Абаддагы фасилитатору Альмазбек Дүйшобаев:

Курманжан аябай ак көңүл, жардамын аябаган, аракетчил кыз. Экөөбүз көп жылдан бери бирге иштеп, ар түрдүү долбоорлорду алып бардык. Өз ишине так. Берилген тапшырманы убагында аткарганы менен айырмаланат. Курманжан бир эле мугалим гана эмес ментор, ыктярчы, насаатчы десем жаңылышпаймын. Анткени анын артынан келе жаткан окуучуларын лидерлик касиетке тарбиялап, кыздардын укуктары, үй-бүлө, тарбия боюнча кеңешин аябай туура жолго үндөйт.

Гулназ Камбарали кызы