“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сузак элине Германия элчилигинен жардам берилди

2 Ноябрь 2021 жыл 23:36
Көрүүлөрдүн саны: 36

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында жашаган аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди.

Берилген гуманитардык жардам

Тактап айтканда 10кг ун, 2 литр май, чай, 1 кг кум шекер, 5 кг макарон, гигиеналык каражаттар берилди. Бул социалдык долбоорду Германия Федеративдик Республикасынын Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен «Мекеним Ала-Тоо» коомдук бирикмеси ишке ашырды.

 

Жардамды таркатуу учуру

«Мекеним Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасы Арстанбап айылдык жергиликтүү кеңешинин депутаты Давлет Арзикулов долбоор жазган.

Ар бир үй-бүлөгө 1250 сомдук күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмдар салынган.

Бишкектеги Германия элчилиги 5 000 еврого чейинки долбоорлорго жардам беребиз деп өз сайтына жайгаштырган. Ошол сайттан көрүп долбоор жазууну чечтим дейт Арзикулов.

«Мекеним Ала-Тоо коомдук бирикмеси 2010-жылы Базар-Коргондук жигиттер тарабынан түзүлгөн. Төрага болуп Давлет Арзикулов шайланган. Буга чейин спорттук оюндарды, кайрымдуулук иштерин алып барганбыз. Пандемия мезгилинде Базар-Коргон районуна Германия элчилигинен 837 миң сомдук грант алып, район боюнча 770 үй-бүлөгө жардам катары таркаткан.

Жардамды берүү учуру

Быйыл да пандемия мезгилинде 5000 еврого чейин азык түлүктү медициналык жабдыктар берилет деп Германия элчилигинин сайттына жарыяланган.

Коомдук бирикме тарабынан жазылган долбоорлордун ичинен Сузак районуна жазылган долбоору колдоого алынып, каржыланды.

«Ковид мезгилинде тамак-аш, медициналык каражаттар тартыш болгондуктан ушул багытта долбоорлорду кабыл алышкан. Анын натыйжасында Сузак районуна 5000 евро суммадагы гуманитардык жардам көрсөтүлду. Бир үй-бүлөгө берилген баштыкта күнүмдүк турмушта колдонулуучу алты түрдүү азык-тулук салынган. Анын жалпы наркы 1250 сомду түздү”,-дейт Давлет Арзикулов.

 

Гуманитардык жардам алуучулардын тизмесин Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары тактап берген.

Берилген гуманитардык жардам район боюнча ар бир айыл өкмөткө жана балдар үйүнө бөлүштүрүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жардамында муктаждарга таратылды.

 

«Мекеним Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Давлет Арзикулов жана иш-чарага катышкандар

Иш- чарага айыл өкмөттөрдүн социалдык кызматкерлери, айыл башчылар катышты. Иш чаранын катышуучулары жана жергиликтүү эл Германия элчилигине, демилгечилерге ыраазычылык билдирди.

 

Гулназ Камбарали кызы