“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Могол айыл өкмөтү кышка даярбы?

2 Ноябрь 2021 жыл 20:25
Көрүүлөрдүн саны: 159

Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүндө кышка карата даярдыгы жөнүндө өкмөт башчы Эркин Турдукуловго кайрылып, айыл аймакта жайгашкан мекеме жетекчилери менен баарлаштык.

Могол айыл өкмөтү кышка толук даяр. Баардык мекеме ишканаларга көмүр келип түштү деп билдирген Могол айыл өкмөтүнүн жетекчиси Эркин Турдукулов: Могол айыл аймагы июнь айында эле даярдыкты баштаганбыз. Тендеге берип, кайсыл мекемеге канча көмүр, отун керектеле турганын эсептеп, буйрутма бергенбиз. Кышка карата баардык мекемелерге көмүрлөрдү түшүрүп, отун алышты. Мындан сырткары жардам катарында 15 үй-бүлөгө кошумча көмүр айыл өкмөт тарабынан берилет. Мында аз камсыз болгондор жана калктын аялуу катмарындагы тургундар тизмеленди. Тизмени атайын түзүлгөн комиссия тарабынан каралып, сунушталды. Могол айыл өкмөтү кышка толук даяр.

Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов

Аталган айыл өкмөтүн эсепчиси Алимжан

Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтүнүн мектептерине кышка карата көмүрдүн иригинен 110тонна 3000 сомдон 330000 сомдук, майда көмүрдөн 80 тонна 1950сомдон жалпы 156000 сомдук, ал эми балдар бакчасына 70 тонна көмүр 210000 сомдук көмүр түшүрүлдү. Айыл өкмөттүн имаратына 10 тонна көмүр 30000 сомдук көмүр түштү.

Айыл өкмөттүн эсепчиси Алимжан Абакулов

» Чкалов айылындагы №36 С.Балтабаев орто мектебине, Чкалов айылындагы «Кимсан» бала бакчасынын, №50 орто мектептеринин көмүр каналары эски абалда болгондуктан айыл өкмөттөн жардам сурап кайрылышкан. Азыр алардын көмүр каналарынын кеткен чыгымдары эсептелип жатат. Буйруса каражат бөлүп берсек, жаңы курулат»-деди Могол айыл аймагынын  башкы эсепчиси Зыягүл Укубаева.

Кадича Жумабаева жергиликтүү кеңештин депутаты

«Биз сессиянын алдында Могол айыл өкмөтүндөгү мекемелердин кышка карата даярдыгын текшергенбиз. Бардык эле мектептер кышка карата даяр экен. Көмүрлөр, отундар курук жерге киргизилген. Мектеп, бала бакчалардын мештери тазаланып, от жакканга даярдалыптыр»-деп билдирди жергиликтүү кеңештин депутаты Кадича Жумабаева.

Тоо гүлү» балдар бакчасынын жетекчиси Бактыгүл Абдыкеримова:

«Бала бакча кышка карата даяр, 10 тонна көмүр, 10 куб отун жана былтыркыдан да ашып калган отунду даярдап койгонбуз. Негизинен бакчаны электрдик жылытуу системасы менен жылытылат. Мындан сырткары кошумча мештер да бар. Электр энергия өчкөн мезгилде мешке от жагылат.»

№16 К.Рахманов мектебинин директору Марат Токтобаев  мектепке 100 тонна майда көмүр, 15 куб отун түшүргөнүн. Көмүрдү каптатып, отундарды отун каналарга жыйдырдык. Мектеп электрдик жылытуу менен жылытылат. Негизинен кышка даярдык жакшы деп билдирди.

Материал Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз-карашын чагылдырбайт. 

Гулназ Камбарали кызы