“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаалык Сыймык «Кыргызстандын эң мыкты 100 студенти» төш белгисин алды

31 Октябрь 2021 жыл 9:30
Көрүүлөрдүн саны: 138

Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылынын тургуну Сыймык Алиев «Кыргызстандын эң мыкты 100 студенти» төш белгисин алды.

Атасы Эмил Талипов:

«Мен аябай кубанып, сыймыктанып турган учурум. Уулумдун ийгилиги кут болсун. Мектепте эң жакшы окуп, олимпиадаларда алдынкы орундарды алчуу. Эми мына Кыргызстандын эң мыкты 100 студентинин бири болгону мени аябай сүйүндүрдү. Сыймыктан үмүтүм чоң. Келечекте Кыргызстанга кереги жараган чыгаан жигит болот деп ишенем».

Өз кезегинде Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун жана Сыймык окуган Сатыбалды Далбаев мектебинин эмгек жамааттынын атынан куттуктайбыз.

 

Тимурлан Мелисбеков, Гүлназ Камбарали кызы