“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Аудиосюжет: Талды-Булак айыл аймагынын депутаттарынын ишмердүүлүгү

30 Октябрь 2021 жыл 23:58
Көрүүлөрдүн саны: 135

Жалал- Абад областы Базар-Коргон районундагы Талды-Булак айыл өкмөтүнүн депуттары жана алардын ишмердүүлүгү  менен тааныштырабыз.

Ошондой эле бул айыл аймагынын көйгөлөрү жана анын чечүү жолдору жөнүндө маек курмакчыбыз.

Жергиликту кеңештин депутаты Рысбек Төрөгелдиев:
«Менин депутат болуп келүүмдүн себеби ушул айыл өкмөттөгү элди жумуш орундары менен камсыз кылуу, бюджетти баарына бирдей бөлүштүрүү жана жер тилкелерин адилеттүү бөлүштүрүү. Эң көйгөйлүүсү ушул. Мен депутат болгондон бери 3 жолу сессия болду. 2020-жылдын бюджетин карадык андан кийин 2021-жылдын бюджетин бөлүштүрдүк, ал эми 3-сессия биз айыл өкмөттүн башчысын шайлап алдык. Биздин эң орчундуу маселе бул жумушсуздук жана тилкеринин бөлүштүрүлүүсү. Эми муну айыл өкмөт, айыл башчылары жана биз чечкени аракет кылып жатабыз.
Бюджетти бөлүүгө дайыма активдүү катышууга аракет жасайм. Биздин бюджет максаттуу колдонулат»- деп белгилеп кетти.

Рысбек Төрөгелдиев жергиликтүү кеңештин депутаты

Азизбек Баатыр уулу жергиликтүү кеңештин депутаты:

Депутат болуп келүүмдүн себеби айылдын жашоосун бир аз болсо да көтөрүү жана жаш үй бүлөлөргө көмөк көрсөтүү. Быйылкы жылда ашып калган акча каражаттарын бөлүштүрүү, жумуш орундарынын аздыгы жана бюджеттин тартыштыгы ж.б маселелер. Кантип чечсе болот? Эң биринчи эле инвестиция тартуу, ички жана сырткы инвесторлордон, ар кандай коомдук уюмдардан бюджетти көтөрсө болот.»

«Жумушчу орундарын түзсөк, айылдык бюджет кеңейет. Ал үчүн айыл башчысы, жана айыл депуттар баары бирге иштеши керек деп ойлойм.»-деди Азизбек Баатыр уулу

Жергиликтүү кеңештин депутаты Гулбара Карымшакова
“Мен бул айылда өзүм жашайм жана баардык көйгөйлөрүн билем. Алардын эң орчундуусу жол маселеси деп эсептейм. Жол кырсыктары акыркы мезгилдерде көбөйүп баратат. Жол кырсыктарын алдын алуу боюнча ар кандай иш чараларды коруш керек деп ойлойм. Ошондой эле биздин айылда таза суу жетишпейт. Бир эле таза суу эмес суугат сууга да муктажбыз. Таштандыларды сыртка алып чыгуу маселеси да бар. Биз элдин талаптарын сессияда да көтөрөбүз, анткени бизди эл тандап алды.»

Гулбара Карымшакова депутат айым

«Мен депутат болуп келгенден бери алты жолу сессия өттү. Сессияда ар кандай маселелерди көтөрүп, аны чечүүгө аракет кылып келебиз. Жаштар маселеси да көтөрүлүп, жаштарга мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө аракеттенип жатабыз. Мага көбүнчө жаштар көп кайрылат»-деди жергиликтүү кеңештин депутаты Алтынбек Маматкалыков.

Маматкалыков Алтынбек жергиликтүү кенештин депутаты

 

Бул уктуруу «Фридрих Эбберт» фонду тарабынан колдоого алынды. Чыгарылыштагы ой-пикирлер фондтун көз карашын чагылдырбайт.

Тимурлан Мелисбеков, Айчүрөк Уланбек кызы