“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жергиликтүү кеңештин депутаттары мектептерди текшерди

19 Октябрь 2021 жыл 16:02
Көрүүлөрдүн саны: 41

Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары мектеп, бала бакчалардын абалын текшерип, көйгөйлөрүн угушту.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары Кадича Жумабаева, Рустам Асранов, Анара Азимкулова, Марат Токтобаевдер Могол айыл аймагында жайгашкан алты айылдын мектептеринин кышка даярдыгы, ремонтунун абалы, ысык тамак берүү тартиби, окуучулардын сабакка катышуусу боюнча текшерип, көйгөйлөрдү аныктап, аларга жардам берүү жана кезектеги сессияга коюу максатта көрүп чыгышты.

№17 Сатыбалды Далбаев мектебин текшерүү учуру

Жергиликтүү кенештин депутаты Рустам Асранов мектептерде көйгөйлөр өтө көп экенин белгилеп, алардын ичинен эң орчундуусу Кызыл-Суу айылындагы №50 мектеп экенин айтты

«Биз бүгүн Могол айыл аймагындагы мектептерди бала бакчаларды текшердик. Негизинен мектептерде көйгөйлөр көп экен. Бир мектепте жылуулук маселеси болсо, бир мектептин ремонт иштери канааттандыраарлык эмес. Тамак аштын берилүүсү боюнча эч маселе жок экен. Баардык ысык тамак берилген мектептердин тамак берүү менюсун карап чыктык. Баары нормада. Окуучулар ысык нан, ысык тамак, ар түрдүү мөмөлөрдөн кургатылган кактардан компот ичишет экен. Эң көйгөйлүүсү болуп №50 мектеп болду. Анткени мектеп эски, авариялык абалда, зым чубалгылары күйүп кеткен, техникалык коопсуздук каралбаптыр. Эскертүү берип, биз тараптан өкмөт тарабынан жардам берели деп жазып келдик»-деди депутат Рустам Асранов.

Чарбак айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Рустам Асранов.

№17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебин текшерүү учурунда башталгыч класс мугалими Эльмира Бапанова өзүнүн классынын көйгөйлөрүн айтып, кышындасы классым суук болгондуктан меш куруп берүүсүн өтүндү.

Эльмира Бапанова-мугалим:

«Менин классымда меш жок, ошондуктан классым кышындасы суук болот. Кошумча жылытуу мештерин саямын. Бирок ага карабай мектептин экинчи корпусу эски болгондуктан эшиктери жакшы жабылбайт. Мен депутаттардын суранар элем кандайдыр бир долбоорлор болсо биздин мектептин башталгыч класстар корпусунун эшиктерин пластик эшиктерин алмаштырып берсениздер. Жаккан отун, көмүрлөр эшик жакшы жабылбагандыгынан текке кетип жатат.»

Эльмира Бапанова «Классым суук болот. Анткени меш жок.»

Жергиликтүү кеңештин депутаты Анара Азимкулова балдардын сабака катышуусун текшерип, кемчилдиктерин карадык. Эски мектептер бар, ошолорду сессияга коюп, жардам берели деп жатабыз деди.

«Көк-Тонду айылында мектепте да бир канча көйгөйлөр бар экен. Башкысы мектептеги көйгөй электр чубалгыларынын күйүп кетүү коркунучу бар экенин аныктап, мектеп директоруна тийиштүү чара көрүүсүн өтүңдүк. Ал эми Чарбак айылындагы С.Балтабаев мектебинин терезелери жок, спорт залына суу өтүп жатканын айтышып, чатырын жаңылоо керектигин мектеп директору баса белгиледи. Сессияга коюп, чечип берүүгө аракет кылабыз. Азыркы текшерип жаткан №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучуларынын катышуусу, формасы, окуу куралдары, ысык тамак берүүсү эң жакшы экенин көрдүк»-деди Азимкулова.

Депутат Анара Азимкулова окуучулар менен баарлашуу учурунда

Кадича Жумабаева жергеликтүү кеңештин депутаты:

«Бала бакчаларды текшерүү учурунда тамак-аш, балдардын бакчага келүүсү боюнча бир да маселе жаралган жок. Баардык бала бакчалар кышка даяр экенин көрдүк. Көмүр, отундар түшүрүлүп, кампаларда турат. Бакчаларда көйгөйлөр бар. Бирок аларды айыл өкмөт Эркин ТУрдукуловга кайрылуу кат аркылуу кайрылып, чечимин күтүп жатышат. Сессияга баардык текшерүүдөн кийинки жазып алынган көйгөйлөрдү коебуз. Айыл өкмөт бюджеттине карап туруп чечип берет деген ишенимдебиз».

Кадича Жумабаева: «Текшерүүдөн сөзсүз жыйынтык чыгарышыбыз керек»

Мектептерди текшерүүдөн кийин маселелер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кезектеги сессиясына коюлуп, алардын ичинен орчундуулары тандалып алынып, айыл өкмөттүн кароосуна жиберилди.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Гулназ Камбарали кызы