“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Талды-Булак айыл өкмөтү кышка даяр

11 Октябрь 2021 жыл 23:35
Көрүүлөрдүн саны: 50

Базар-Коргон районунда былтыркы жылы көмүрдүн баасы бир мүшөгү 120-150 сом болсо, 2021-жылы октябрь айына баасы көтөрүлүп, мүшөгү 200-220 сомго жетти.

Жергиликтүү тургундар көмүрдүн баасы кескин түрдө жогорулагандыктан тонналап көмүр ала албай жатканын билдиришти.
Каба айылынын тургуну Анаркан Орозматованын айтымында быйыл көмүрдүн баасы жылдын башында эле мүшөгү 180 сом болсо, азыр бир мүшөгү 220-250 сомго чейин. 16% кымбаттаганын интернет булактарынан окудум. Отун болсо бир машинасы 15,000-20,000 сомго чейин болуп жатат. Отундарды даярдап алдык. Көмүрдү эми алам-деди.

Каба айылынын тургуну Анаркан Орозматова

Гүлнур Азимова Кыргоо айылынын тургуну:

Кышка даярбыз. Анткени бизге кыш эрте түшөт. Ошондуктан эрте эле отун, көмүр алып коебуз. Токой чарбадан атайын кагаз жаздырып, токойдон отун алып келебиз. Ал да болсо чыгашалары менен 10,000 тегерегинде болот. Көмүр болсо быйыл кымбат. Азыраактан алдык. Кышы менен көмүр сатып келгендер көп болот, түгөнсө алып турабыз. Жылда тонналап алчуубуз, быйыл кымбат болгондуктан мүшөктөп алууга мажбурбуз.

Кыргоо айылынын тургуну Гүлнур Азимова: Быйыл көмүр кымбат болуп, тонналап ала албадык.

Ага карабай Талды-Булак айыл өкмөтү кышка даяр.

Базар-Коргон районуна караштуу Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Исаков өкмөттө жайгашкан жети мектеп, бир бала бакча кышка даяр экенин айтты.

Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Исаков

«Талды-Булак айыл өкмөтүндө жалпы жети мектеп, бир бала бакча бар. Баарына алдын ала түзүлгөн келишимдин негизинде 748,070 сомдук көмүр алынган. Мындан сырткары отун да алынды. Талды-Булак айыл өкмөтү толугу менен кышка даяр»-деди Замирбек Исаков

Талды-Булак айыл өкмөтүнүн эсепчиси Бурулча Кумашеванын айтымында өкмөт толугу менен кышка даярданып бүттү. Келишим менен буйрутма берилген көмүрлөр кампаларга келип түшүп, мектептин чондугуна, окуучунун санына карап бөлүштүрүлөт.

Отун, көмүр кампасы

Мындан сырткары өкмөттө жайгашкан №16 «Ак-Тилек» балдар бакчасына 71580 сомдук көмүр алынды деп билдирди Кумашева. Ал эми айыл өкмөттүн өзүнүн жеке имаратын ысытуу үчүн 35790 сомдук көмүр алынган.

Талды-Булак айыл өкмөтүнүн эсепчиси Бурулча Кумашева

748,070 сомдук көмүрдү атайын Талды-Булак айыл өкмөтү үчүн түзүлгөн келишимдин негизинде алып келинген.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт. 

 

Гулназ Камбарали кызы, Айчүрөк Уланбек кызы