“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Жаштар «Таза токой» акциясына катышты

3 Октябрь 2021 жыл 1:36
Көрүүлөрдүн саны: 49

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы жаштар демилге көтөрүп, токойдогу таштандыларды тазалоо боюнча акция уюштурду.

Акция учурунда жалпысынан 2 гектар жер тазаланды

Акцияны Могол айыл аймагындагы «Демилгелүү жаштар» жумушчу тобунун ыктыярчылары катышты.

Акцияга бара жатканда

Шумкар Кылычбеков «Токойдон үч кап желим бөтөлкө терилди.

Токойдогу таштандыларды тазалоо, жана акция уюштуруу идеясы жаш журналист Тимурлан Мелисбеков сунуштап, аны жаштар толук колдошкон.

Жаштар токойго чыгып, жалпы аянты 2 гектар жердин таштандыларын тазалашты. Негизинен талаага мал баккандар таштаган желим бөтөлкө, жип, пакеттер болгон.

«Токойду тазалоо акциясы Ооган-Талаа айылында болуп өттү. Мага абдан кызыктуу болду. Акцияга биз талаага чыктык, талаанын кичине бөлүгүн болсо да тазалап, таштандыларын тердик. Токойго 100% болбосода кандайдыр бир өлчөмдө пайдабыз тийди деген ойдомун. Мындай акциялар ар айда болсо да жадабай катышмакмын», -деди Билим Байдилаев.

Ыктыярчы Билим Байдилаев токойду тазалап жатып, эмнеге адамдар мындайбыз. Жаратылышка терс таасир тийгизебиз деп ойлондум.

Тахмина Суеркулова иш учурунда

«Токойду тазалоодо мага аябай кызыктуу болду. Биргеликте жумуш аткардыктан убакыт өткөнүн сезген деле жокпуз. Биргеликте жумуш аткаруу менен ынтымакты жана топ менен жумуш аткарганды да бирге ала кеттик десем болот. Таштандыларды терип бир аз болсо да жаратылышка пайда жасадык деген ойдомун. Мага аябай жакты мындай иш-чараларга сүйүнүү менен катышмакмын»,-деп билдирди Тахмина Суеркулова.

Аймээрим Саитжанова Демилгелүү жаштар жумушчу тобунун ыктыярчысы:

«Жаштар арасында тазалык акциясы болуп өттү. Таштанды күндөн-күнгө көбөйүп, абаны, жаратылышты булгап, мал жандыктар да таштандыларды жеп, зыян келтирип жатат, өзүбүздүн айылды өзүбүз тазалабасак, эч ким тазалап бербейт. Ошондуктан кандайдыр пайдабызды айылыбызга тийгизгенибизге кубанычтамын. Уюштуруучуларга рахмат.»

Аймээрим Саитжанова «Ар бирибиз тазалыкты сактап, токойлорду коргойлу»

Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү экендигин билдим.

Акциянын эң кичине ыктыярчысы Байтик Тажибеков токой тазалоо учурунда

«Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Тимурлан Мелисбеков бизге токойдогу таштандылардын сүрөттөрүн көргөзүп, акция уюштуралы дегенде мен дароо туура көрдүм. Анткени мени да CAMP ALATOO долбоорунда токойлор жөнүндө окутканда, адамзаттын экологияга тийгизген терс жактарын билдим эле. Токойго чыкканда мен чын дилим менен тазалоого кириштим. Токойдо жүргөн мал баккан тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк», -деди ыктыярчы Роза Анаркулова.

«Жүндү кайра иштетүүчү ишканалар иштешсе жакшы болор эле. Эл минтип койдун жүндөрүн талаага таштабай, тапшырышаар эле»-деди Ширин Маратбекова

Ооган-Талаа жамаатык мультимедиа борборунун координатору Гүлназ Камбарали кызы

Таштандыларды тазалоо учуру

Тимурлан Мелисбеков акциянын уюштуруучусу:
«Мен токойго көп чыгам. Ал жердеги таштандыларды көрүп, аларды сүрөткө тартып алдым да kyrgyzmedia.kg сайттына жарыяладым. Ал жактан окуган окурмандарым ар түрдүү пикирлерди жазышты. Анан акция тууралуу ойлондум. Мен оюмду демилгелүү жаштар жумушчу тобуна айттым. Алар менин оюмду колдошту. Мындан сырткары СAMP ALATOO долбоору менен биргеликте токой жөнүндө көп үйрөнүп, аларды сактоо, көчөттөрдү отургузуу боюнча жаңы маалыматтарды билген соң, токойдун азыркы көрүнүшү мени ойлондурду. Бүгүн өткөрүп жаткан акциябызды өзүбүз уюштуруп чыктык. Ооган-Талаа айылындагы жаштар акция тууралуу угуп, дагы уланталы деп, жергиликтүү калк да токой тазалоого чыгышаары жөнүндө айтышты».

Акциянын жыйынтыгында токойдон чыккан таштандыларды атайын таштанды таштоочу жайга алып барылып ташталды.

Ыктыярчылар акциядан кийин

Бул макала Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH тарабынан ишке ашырылып жаткан Кыргызстандын түштүк аймагындагы жаңгак токойлорун сактап калуу боюнча Кыргыз- Германиялык долбоордун алкагында даярдалды. Долбоордун аткаруучусу «CAMP Алатоо» коомдук фонду.

 


Айдай Жапарова

Сүрөт: Гулназ Камбарали кызы