“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Аудио: Ооган-Талаада жаңгактан кошумча киреше табышат

28 Сентябрь 2021 жыл 1:42
Көрүүлөрдүн саны: 39

Эки жылдан бери түшүм бербей жаткан жаңгактар быйыл түшүмдүү болуп, Могол айыл аймагындагы айылдарда жаңгак терүү башталды. 

Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагында дегеле Жалал-Абад облуснун баарында жаңгак терүү башталды. Бул чыгарылышта жаңгак өстүрүү жыйнап алуу, ижарага берилген койлор, арага төлөнүүчү салык боюнча болмокчу.

Эки жыл катары менен болбой калган жаңгак мөмөсү быйыл болду. Ижара акысынан сырткары 200 кг жаңгак тердик. Терген жаңгагыбыз күнүмдүк азык-түлуккө сарпталат деди Ооган-Талаа айылынын тургуну Уулкан Рысбаева.

Уулкан Рысбаева жергиликтүү тургун:

«Бизде 1 гектарга жакын жаңгак жайытыбыз бар. Жаңгак жакшы болгондо бир жарым тонна жаңгак жыйнап алабыз. Быйыл эрте жазда кар жаап коюп, мөмөсүн суук алып кетти. ошентсе да болгон жерлерин терүүдөбүз. Биринчи эле алган жаңгагыбызды  ушул жерлерге эгип өстүрөбүз. Жаңгак жакшы болгондо көп нерсеге жарайт. Күнүмдүк тамак-ашка, балдардын кийим-кечесине. Алынган түшүмдөн ижара акысын төлөйбүз.»

Ачы токой чарбасынын токойчусу Бактыбек Акимжанов мурунку жылдарга караганда быйыл эл ижара акысын жакшы төлөп жатышат. Ижарага берилген акчанын суммасы 1000 сомдон 5000 сомго чейин жайытынын гектарына, чоңдугуна карап төлөшөт.

Ачы токой чарбасында жалпы аянты 13750 гектор 1042 гектар жаңгак токою. Токойду Ачы токой чарбасына караштуу жергиликтүү калк ижарага алып иштетип жатат. Токтомдун негизинде иш алып барабыз 2021-жылдын кузгү оруп-жыйноо жаңгактан башкасы аяктады. быйылкы жылы аба-ырайына байланыштуу жаңгак начар болду. Бирок элдер аз болсо да жыйнашууда.

Могол айыл аймагынын социалдык адиси Айгүл Пазылова

«Эл азыр жаңгак терип жатышат. Бир киллограммы 100 сомдон саткан эл  үчүн бул да болсо киреше. Жергиликтүү тургундар жангак терип сатып азык-түлүк, мектепке кийим кече кылышты.»

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Тимурлан Мелисбеков