“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөт баян: Экологияга таасирин тийгизген таштандылар

21 Сентябрь 2021 жыл 1:36
Көрүүлөрдүн саны: 59

Дүйнө жүзү боюнча таштандылар глобалдуу проблеманы жаратууда. Ушул эле көйгөй Кыргызстанда да байма-бай кезигүүдө. Экологиянын булганышы жаратылышка терс таасирин тийгизет деп экологдор канча айтпасын, адамзаттын жаратылышка болгон кайдыгерлиги өкүндүрөт. 

Ооган-Талаа айылындагы Ачы токой чарбасына караштуу токойлорду аралап, андагы таштандыларды көрүп, адамзаттын кайдыгерлигине дагы бир жолу ынанууга болот.

Жаратылышты булгаган таштандыларды сүрөтбаян аркылуу чагылдырабыз:

Чөп жыйнагандан кийин калган ак пластик жиби.

Колдонулган желим бөтөлкөлөр

Жаратылыш кооздугун бузган көрүнүш

Желим баштыкты жарып чыккан тикенек

Талаага атайын ташталган таштандылар

Талаада кой кайтарган жигиттерден таштандылар жөнүндө сураганда алар мындай таштандылар талаада көп экендигин айтышты.

«Биз Демилгелүү жаштар Могол жумушчу тобу, Ооган-Талаа мультимедиа борбору менен биргеликте талаага чыгып тазалоо иштерин аткарсакпы деп пландап жатабыз. Токойдогу таштандыларды көрүп, жаратылыштын кооздугун бузган көрүнүш жан дүйнөңдү оорутат. Биз акцияны жөн эле уюштурбай, элди токойду таза сактоо чакырыктары менен өткөрөлү, акцияга жаштарды тарталы деп жатабыз. Бизди токойдогу көйгөйлөрдү иликтөөгө САMP ALATOO долбоору уюштурган окуу  түрткү болду. Анткени окууда экология, токой, жаратылыш жөнүндө көп нерсени үйрөнгөнбүз. Акцияны буйруса октябрь айларында өткөрөлү деп атабыз», -деди Ооган-Талаа мультимедиа борборунун координатору Гулназ Камбарали кызы.

Тимурлан Мелисбеков