“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жаштардын демилгеси айыл өкмөт тарабынан колдоого алынды

20 Сентябрь 2021 жыл 2:52
Көрүүлөрдүн саны: 57

Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылындагы уюшулган «Демилгелүү жаштар» жумушчу тобунун изилдеп чыккан көйгөйү айыл өкмөттүн жашоочуларынын колдоосуна алынды.

Коомдук уктурууга жалпы 173 жергиликтүү калк катышты.

«Демилгелүү жаштар» жумушчу тобу 38-18 жаштардагы активист жарандардан түзүлүп, аны Агахан, IDEA USAID фондорунун каржылоосу менен жаш активистерди окуудаң өткөрүп, өз айылындагы көйгөйлөрдү аныктап чыгып, аларга изилдөө жүргүзүүнү ошондой эле көйгөйлөрдүн эң орчундуусун тандап чыгып, эл алдында жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчыларына коомдук угуу өткөрүү болчу. Жумушчу таптун негизги алты ай аралыгында аталган жумуштарды аткарып, эң орчундуу деп эки көйгөй тандалып алынып, биринчиси айылдагы сугат суу болсо, экинчиси жаштардын активсиздиги болду.

«Биз көйгөйдү көрүнүш аркылуу көрсөттүк. Ал эми көрүнүштө болсо, жашоодо болуп жаткан окуяны чагылдырдык»-Эржан Анаркулов

Асема Токтосунова: Жаштарды колдоо менен сиздер бизге күч кубат, дем бересиздер.

Көйгөйлөрдү изилдөөдө жумушчу топ Могол айыл аймагындагы алты айылды кыдырып, онлайн сурамжылоо жүргүздү. Сугат сууга 87% болсо, ал жаштардын активсиздиги төмөн деп 64% жооп беришкен.

Жыйынтыгында Ооган-Талаа айылында коомдук угуу өтуөрүлүп ага 173 жергиликтүү эл катышты.

«Ар бир айтылган ой биз үчүн маанилүү» Демилгелүү жаштар жумушчу тобунун мүчөсү Аймээрим Саитжанова

Жумушчу топ аткарган иштери менен тааныштырып, андан соң чогулган эл менен кичи топтордо иштешти.

«Бүгүнкү коомдук уктуруу кызыктуу өттү. Жаштар өздөрүнүн демилгесин көтөрүп бул көйгөйлөр чынында актуалдуу экенин элге жеткиришти. Жаштар окууну бүтөрү менен Россияга кетип жатышат. Ал эми айылдагы калгандар бош убактыларыда эмне менен алектенишээрин билишпейт»-деди коомдук угуунун катышуучусу Роза Саркарова.

Көйгөй дарагы көнүгүүсүн аткаруу кези

Жаштардын бош убактыларын туура пайдалануу максатында атайын окуу борборун ачуу керектигин жалпы эл аткарган «Көйгөй дарагы» көнүгүүсүнөн кийин аныкталды.

Нурбек Ормонов коомдук уктуруунун катышуучусу: «Жаштар чынында эмне менен алектенээрин билишпейт. Телефон, телевизор болду. Айылда башка эч нерсе жок да. Ошондуктан «Демилгелүү жаштардын» көтөргөн көйгөйү эң туура. Айылда окуу борбор ачылса, ар түрдүү курсттарга катышат эле. Мен демилгени колдойм»

Коомдук уктурууга келген эл үч топко бөлүнүп, «Мен айылымды кантип өнүтүрөм?, Жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эмне кылыш керек?, Көйгөйдү чечүү үчүн кийинки иш аракетим кандай болот? деген суроолордун үстүндө иштешип, анадан соң өз жоопторун айтып беришти.

Топтор менен иштөө. Мен кантип айылымды өнүктүрөм деген суроого жооп берүү

Жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эмне кылыш керек? деген суроону талкуулоо учуру

Үчүнчү топ: Көйгөйдү чечүү үчүн кийинки иш аракетим кандай болот?

Коомдук уктурууга катышкан №17 С.Далбаев мектебинин директору Давлет Омурзакова да жаштардын демилгесин колдоп, мектептин бош имаратынан үч бөлмөлүү канааны берерин айтты.

Мектеп директору Давлет Омурзакова: Мен толугу менен жаштардын аткарып жаткан иштерин колдойм. Жаштар активдүү болгондо гана айыл өнүгөт. Окуу борборун ачуу демилгеси аябай жакты. Билимдүү жаштар коомдун келечеги, айылдын эртеңи. Окуу борбордон билим алып, ЖРТ, олимпиадалардан мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтөт деп ишенем.

«Ал эми имарат бөлүп берүү боюнча Гүлназ Камбарали кызы мага кайрылып, бош имарат болсо, окуу борборун ачалы деди. макул болуп, үч бөлмөлүү канаа бош эле ошону бердим. Ал жака ремонт иштери керек. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ремнттоп алса болот. Окуу борбор айылдагы жаштардын убактысын туура пайдаланып, тилдерди үйрөнүүгө өбөлгө түзөт»-деди мектеп директору Давлет Омурзакова.

«Демилгелүү жаштар» жумушчу тобунун ментору Гүлназ Камбарали кызы

«Биз февраль айынан баштап «Демилгелүү жаштар» долбоору менен иштешип жатабыз. Негизинен эки топ бар, биринчи тобу 38-18 жаштагылар болсо, экинчи тобу 18-15 жаштагы улан-кыздар. Ушул убакыт аралыгында көп иштерди аткардык, окуулардаң өттүк, дебат оюндарына катышып, үч жолу биринчи орунду алып, кубок алып, байгелүү орундарга жетишип жаттык. Бүгүнкү коомдук уктурууга алдын ала даярданып, эл алдына алып чыктык. Биз көп жолу айыл өкмөт башчы Эркин Турдукуловго кирип, мемарандум түзүп, өз ара кызматташып жаттык. Айыл өкмөттүн кандай иштери болбосун жаштар активдүү катышты. Алып чыккан көйгөй боюнча Эркин Турдукулов толук колдоп, имаратты ремонттого аз да болсо акча каражатын бөлүп беребиз деди. Буйруса жазган долбоорлорубуз өтүп калса, Ооган-Талаага окуу борбору ачылат деп ишением»-деди Гүлназ Камбарали кызы.

Жаш активист Жавахыр Бахтияр уулу

Жаштардын активдүүлүгун көтөрүүгө атайын окуу борборунун зарыл экендигин баса белгилеген Жавахыр Бахтияр уулу төмөндөгүлөргө токтолду:

«Биз атаыйн курсттарга, ЖРТга даярдануу үчүн Жалал-Абадга барабыз. Жол кире, жатакана, тамак-аш, курстун төлөмү болуп он беш миңдин тегерегинде акча сарптайбыз. Окуучулардын арасында шаарга барып окуп келүүгө мүмкүнчүлүгү жок окуучулар да бар.  Окуу борборунда курсттар ачылып, өзүнүн айылында окушса акча да кетпейт, ата-энеси да сарсанаа болбойт. Ошондуктан окуу борбор аябай маанилүү.

Коомдук уктурууга келген IDEA_CA долбоорунун координатору Самат Анарбеков жаштарга дем берүү, ата-энелердин колдоосу чоң ролду ойнорун айтып, аталган долбоорду колдоп бергендиги үчүн айыл элине ыраазычылык билдирди.

Жыйынтыгында келген эл толук түрдө эки көйгөйдү тең колдоп, аны айыл өкмөттүн атайын планына киргизип, акча тарабынан жардам беришерин билдиришти.

Тимурлан Мелисбеков