“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Могол: Айыл өкмөттө тазалык акциясы өттү

19 Сентябрь 2021 жыл 0:44
Көрүүлөрдүн саны: 37

Могол айыл өкмөтүндө «Дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата акция уюштурулду. 

Тазалык иш чарасына Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов, айыл өкмөт кызматкерлери, дарыгерлер, мугалимдер жана кайдыгер эмес жарандар катышты. Мугалим Алишер Эгембердиев тазалык иш-чарасына катышып, ишти эрте баштаганын билдирди.

Мугалим Эгемдердиев Алишер:
Биз бүгун №36 К.Рахманов атындагы орто мектебинин айланасын тазалап жатабыз. Бизге директорубуз Марат Токтобаев көрсөтмө берип, жумушту эрте баштаганбыз. Мугалимдердин баары активдүү катышты. Азыр бүтүп кетип жатабыз. Ошондой эле иштерди №17 С.Далбаев мектебинин да эмгек жамаатын аткарып жатканын байкадым.

Мугалимдер тазалык акциянын алкагында №17 С.Далбаев мектебинин айланасын тазалашты

Могол айыл аймагындагы Чкалов, Кызыл-Суу, Көк-Тонду, Ооган-Талаа, Чарбак айылдарында да  акция өтүп, айыл өкмөт башчы Эркин Турдукулов жеринен көрүп келди.

Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов Акция учурунда

Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов:
Мына бүгүн 2021-жылдын 18-сентябрь күнү өзүнүздөр күбө болуп тургандай Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун 13-сентябрь 2021-жылдын чыккан катына негиз “Дүйнөлүк тазалык күнү” глобалдык экологиялык жараандык акциясынын алкагында Могол айыл округунун баардык айылдарында, мекеме уюмдарында санитардык тазалоо жана иретке келтирүү иштери жүргүзулдү. Элдин активдүүлугү жогору. Акцияны мыкты деңгээлде өткөрүп жатышат. Азыр 5 айылды кыдырып келдик. Акциянын жүрүшүн жеринен көрүп келе жатабыз.

Ошондой эле Укубаев көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн сатуучулары да айланасын тазалашып, таштандыларды чогултушту.

Сатуучу Гүлзат Оспанова тазалоо иш учурунда

Айыл тургуну Гулзат Оспанова-сатуучу:
Бизге кечээ айыл башчы Муктарбек Дөлдөев келип, эртен тазалык акциясы болот деп эскертти. Эртең мененден короолорубузду иретке келтирип, дүкөндүн алдын тазалап, таштандыларды атайын таштанды ташуу унаасына салып бердим. Негизи дайыма эле тазалайбыз, кайра эле эл таштанды таштап кетишет. Элди тазалыкты сактоого үйрөтүү керек деп ойлойм. Анткени тазалык тазалоодон эмес, таза сактоодон башталат эмеспи. Ушул нерсени эл билгенде гана тазалык болот.

Медицина кызматкерлери акцияда

Өткөрүлгөн акцияда төрт машина таштанды чыгып аны атайын таштанды төгүүчү жерге алып барылып төгүлдү. Айыл өкмөт боюнча ар бир айыл, көчөлөрдөгү жарандар активдүү катышып, баары болуп 800 чукул жаран катышты. Мурдагы акцияларга салыштырмалуу адамдардын активдүүлугү аз, анткени көпчүлүк эл жаңгак тергени талаага чыгып кеткени айтты айыл башчы Муктар Дөлдөев.

“Бүгун Кыргызстан боюнча уюштурулган “Тазалык күнү” акциясынын алкагында айылды тазалоо иштери жүрүп жатат. Мында үч-төрт күн мурун айыл элине эскертилип, акция болоруу тууралуу маалымат берилген. Мындан сырткары социалдык баракчаларга, Whatsapp, Telegram аркылуу маалымат жиберилген. Жалпы эл акция тууралуу маалыматты бар болгондуктан, бүгүнкү иш жакшы алып барылды. Көчө-көчөлөр тазаланды, кечээ эки машина таштанды ташталса бүгүн да эки машина таштанды чыгарылды. Негизи көчөлөрдөн Укубаев көчөсүндө жашаган тургундар активдүү болуп жатышат. Мектеп көчөсү, оорукананын кызматкерлери да эң жакшы тазалап, ишин бүтуруштү. Бул акция бардык Могол айылындагы айылдарда өтүп жатат, жетекчи Эркин Турдукуловдун көзөмөлүндө болуп, өзү ар бир айылга барып кыдырып жүрөт. Айыл тургундарына айтаарым тазалыкты сактагыла, таштандыларды жолго ыргытпагыла. Балдарыбызды кичинесинен тазалыкты сактоого үйрөтөлү”- деди Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Муктарбек Дөлдөев.

Акциядан кийин таштандылар атайын таштанды ташталуучу жайга алып барып төгүлдү

«Дүйнөлүк тазалык күнүндөгү ой пикири менен бала бакчанын тарбиячысы урналар жоктугун айтып, урналар болгондо эл таштандыны көчөгө таштабайт эле деген оюн билдирди.

Анара Дакыбаева бала бакчанын тарбиячысы:
Бизге алдын ала билдиргендей бүгүнкү күн “Тазалык күнү” деп акция жүрүп, тазалоо иштери болот деп айтылган. Биз “Тоо гүлү” балдар бакчасынын тарбиячылары, кызматкерлери менен биргеликте акцияны өткөрдүк. Көчөнү баштан аяк карасан таза болуп калганы көзгө көрүнөт. Негизги эле биздин көйгөйүбүз таштанды салынуучу урналардын жоктугу. Эгерде урналар болсо мүмкун ушунчалык таштанды чыкпайт беле. Эл да таза болсо, ар жерге таштанды таштабаса.

Анара Дакыбаева иш учурунда

Акциянын жыйынтыгында жергиликтүү активистер, жарандар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин айтып, мектепте, бала бакчада, атайын сабактар өтүү керектигин баса белгилешти.

Бул макала Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Гулназ Камбарали кызы