“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргондо заманбап бала бакча ачылды

16 Сентябрь 2021 жыл 2:12
Көрүүлөрдүн саны: 98

Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарына караштуу К.Абдраимов айылындагы 100 орундуу бала-бакчанын курулушу аяктап колдонууга берилди.

Заманбап бала бакча

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку кеңештин экс-депутат Таалайбек Масабиров, Базар-Коргон районунун акими Джанысак Сатыбалдиев, жергиликтүү тургундар катышты.

Бакчанын ачылуу аземи

“Базар-Коргон районунда бүгүн 15-сентябрь күнү эки бала бакчанын ачылыш аземин өткөрдүк. Район боюнча мектепке чейинки билим берүү бөлүмдөрүн көбөйтүү бул биздин райондук билим берүү бөлүмүнүн негизги стратегияларына кирген. Стратегияны аткаруу максатында көптөгөн иштерди аткарып жатабыз. Балдар бакчаларын ачылуусу үчүн көп эмгек жумшалат, акча каражаттын табуу, инвестиция тартуу бул биринчи кезекте. Ар түрдүү проектилер менен иштеп, районубуздун билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошуудабыз. Ал эми балдарга кең келечек, ачык асман, бактылуу балалык каалаймын.”-деди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев.

Сопубек Сариев Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Базар-Коргон районунун Кенеш айыл аймагына караштуу К.Абдраимов (Советское) айылындагы 100 орундуу бала-бакчанын курулушу подряддык уюму “СПП Ошкоопкурулуш» ЖЧКу тарабынан 2018-жылдын 28-декабрындагы №123-сандуу эки тараптуу келишимдин негизинде, 2019-жылдын июль айында башталган.

Таалайбек Масабиров Жогорку кеңештин экс депутаты

Джанысак Сатыбалдиев  Базар-Коргон районунун акими «Балдар бакчалардын ачылуусу менен биз мекенибиздин өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатабыз. Анткени билимдүү жаштар жаркын келечекти курушат»

Курулуп бүткөн Кенеш айыл аймагына караштуу К.Абдраимов (Советское) айылындагы 100 орундуу бала-бакчанын курулушунун долбоорло-сметалык баасы 35936,989 мин сомду түзгөн. Ал эми, бардык чыгымдары менен тендердик баасы 24477,28 миң сомду түзөт. Бала-бакчанын имараты 2 кабаттуу, жалпы аянты 887,9 м2..

Бакчанын ачылуу аземине келген айыл тургундары

Аталган бакчанын ачылуу аземине келген жергиликтүү тургундар бала бакча заманбап үлгүдө курулганын, андан тарбия алган жаш муундар Кыргызстандын керегине жараган инсандардан чыгышат деп тилек кыларын айтып кетишти.

Ар бир бөлмө өзүнчө жасалгаланып, кең жана жарык

Бакчага биринчи ирет келген балдар

«Мен Нышанова Мээримгүл, Арундун апасымын. Ушул бала бакча ачылганына биз өтө кубанычтабыз, рахмат Аллахым ыраазы болсун! Бала бакчаны бүтүрүп беришкенине жогорудагыларга ыраазычылык билдиребиз. Биз бала бакча алыс болгондуктан, балдарыбызды бере албай олтурат элек. Ушул бала бакча жакын болуп биз да балдарыбызды берип, сүйүнүп калдык».

Гулназ Камбарали кызы