“Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” деген темада Базар-Коргон шаарында райондук билим берүү бөлүмү тарабынан педагогикалык конференциясы болуп өттү.
Конференциянын өткөрүү максаты 2021-2022-окуу жылына карата мугалимдердин билим кеңешмеси аркылуу жаңы маалыматтарга ээ болуу, ийгиликтерди аныктоо болду.
Аталган иш-чарага Базар-Коргон райондук мамлекеттик райондук администрациясы, Жалал-Абад областтык усулдук билим берүү борбору, “Бай дыйкан” айыл чарбаны колдоо борбору, ардагер мугалимдер, Базар-Коргон районундагы мекемелердин жана айыл аймактардын башчылары жана мугалимдер катышты.
Иш чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.
“Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” аталышындагы доклады менен Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө билим берүү мейкиндигин руханий –адептик маданияттын мейкиндигине айландыруу аркылуу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана камсыз кылуу маселелерин талкуулоо башкача айтканда маданият аркылуу билим берүүнүн сапатын башкаруу, билим сапаты- маданияттын сапаты-адамдын сапаты-иштин сапаты-жашоо сапаты экендигине токтолду.
Жалпы стратегияны иштеп чыгуу жана билим берүүнүн сапатын андан ары камсыздоонун негизги жолдорун аныктоо, руханий-адеп –ахлактык билим берүүнү жакшыртуу, өлкөнүн башкы приоритеттери катары, Конференциянын катышуучулары негизги жана актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Конференциянын экинчи бөлүгүндө билим берүүдөгү кошкон салымы үчүн мугалимдер төмөндөгү сыйлыктар менен сыйланды:
“Жылдын мыкты мектеби”
1-орун №1 Макаренко а.г.м. — сыналгы
1-орун №45 А.Тарыхчиев о.м. – сыналгы
“Жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму”:
1-орун №1 “Ширин”” МЧББУ — шкаф
“Ардактуу мугалим”
1. Кадыров Мамасали : №4 Навои о.м.директору
2. Бекмурзаева Асылкан : №30 Атабекова и.г.м.
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын
“Ардак грамотасы” менен 10 мугалим,
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн
“Ардак грамотасы” менен 20 мугалим,
Профсоюздан 9 мугалим ардак грамоталар менен сыйланды.
Жогорку окуу жайды бүтүп келген адистер биринчи эмгек жолун баштаарда ант берүү менен Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө өз салымын кошо тургандыгын билдиришти.
«Бай Дыйкан» айыл чарбаны колдоо борборунун жетекчиси Эрлист Акунбеков жылдагы демөөрчүлүгүн улантуу максатында ЖРТдан жогорку балл алган окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерге акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Эскерте кетсек, «Бай Дыйкан» айыл чарбаны колдоо борборунун жетекчиси Эрлист Акунбеков ЖРТдан жогорку балл алган окуучуларды жыл сайын колдоп, аларга акчалай жана өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп келет.
Эрлист Акунбеков 2022-жылы эң жогорку балл алып, республикалык деңгээлде мыкты болуп, Базар-Коргон районунун атын чыгарган окуучуга автомашина, даярдаган мугалимине автомашина, окуучу окуган мектебине акыркы үлгүдөгү компьютерлер менен компьютер канаасын жабдып берерин айтып, ал үчүн көп окуп, ийгиликке жетүү керектигин белгиледи.
Өз кезегинде райондук билим берүү бөлүмү Эрлист Акунбековго ыраазычылык кат берип, дайыма жаш муунга дем берүүсүн улантып, ишине ийгилик каалады.
№17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин башталгыч класс мугалими Райхан Сатымкулова:
«Бүгүнкү конференция аябай жогорку деңгээлде өттү. Ар бир бөлүгү кызыктуу, таасирдүү өттү. Мугалимдердин мээнетин баалап, сыйлык тапшырган биздин районо башчыбыз Сопубек Сариевге рахмат айтам. Мен да бүгүн эмгегим бааланып, ардак грамота алып отурам. Кубанычым койнума батпай жаткан чагым азыр».
«Бүгүн райондук билим берүү бөлүму уюштурган конференцияга катышып, мугалимдер үчүн жемиштүү өттү. Негизи конференция койгон максатына жетти. Конференцияда жаңы окуу жылында кандай иштерди алып барат, билим берүүдөгү милдеттер каралды. Мен өз сөзүмдө айткандай райондук мамлекеттик администрация мугалимдер үчүн арзан турак жай менен камсыз кылууну шарт түзүүгө аракет кылып жатабыз. Мугалимдерге күч-кубат ден соолук аманчылык жакшы жетишкендиктерге жетишүүсүн каалаймын», -деди аким Джанысак Сатыбалдиев.
Конференциянын жүрүшүндө ыр, бийлер менен коштолду.
Гулназ Камбарали кызы