“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Балдар жаңы окуу жылына даярбы?

10 Сентябрь 2021 жыл 21:54
Көрүүлөрдүн саны: 39

Могол айыл аймагынын тургундары балдарын мектепке даярдап бүтсө, айрымдар акча каражатына байланыштуу саналуу күндөр калса да даярдай элек.

Мектеп форма талап кылынбаганы ата-энелер үчүн ынгайлуу болгонун, ага карабай окуу куралдарын, сумка жана башка керектелүүчү буюмдарды сатып алуу керек. Ал эми баалары бир кыйла жогорулаганы маселе жаратты. Кичи үй-бүлөлөгө кыйынчылык билинген эмес, ал эми 4-5 балалуу үй-бүлөлөлөр каражат тарабынан кыйналып жатышканын айтышты.

Орозбек Борончиев жана баласы

Кызыл-Үнкүр айылынын тургуну Орозбек Борончиевдин айтымында:

“3 балам мектепте окуйт. Балдарымы мектепке даярдай элекмин. Пандемия болгондон бери киреше болбой калды, азыр элдин жашоосу чынында кыйын, жаңгактарыбыз болбой калды. Мектепке колубуздан келишинче даярдап жөнөтөбүз”.

“Ооган-Талаа айылынын тургуну Алишер Эгембердиевдин айтымында:

“Азырынча кыйынчылык жок кырдаалга жараша, балдарым мектепке даяр. Бир балага орто эсеп менен 10 миңдей кетип жатат, ага сумка кийим, шым көйнөк бут кийим алуу керек, менин 3 балам бар, каражат жагынан тартыштар болот”.

Ооган-Талаа айылын тургуну Замира Омурзакованын айтымында:

“Жаңы окуу жылына даярдык жакшы эле, кемчиликтер жок формаларын алдык, китептерин эми алабыз. Балдарым бүтүп кеткен азыр 1 неберем бар. Биз иштейбиз неберем да бирөө эле ошондуктан, кыйналбай эле даярдадык. Көп балалуу ата-энелерге кыйынчылык болот, анткени азыр пандемия болуп, баары кымбаттап кыйынчылык болуп жаткан учуру”.

“15-сентябрь ачылганы биздин үй-бүлөгө ынгайлуу болду, анткени, акча маселесин 1-сентябрдан кийин даярдадык” –дейт Адина Абданбаева.

“Ал эми Сovid-19 илдетин жугузуп алуу коркунучу артта калган жок. №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 8-классынын класс жетекчиси Зарина Самидинова классын  окуучуларды кабыл алууга антисептик, бет каптарды жана аралыкты сактоо белгилери коюу менен даярданып жатат. Окуучулары менен онлайн сүйлөшүп окууга даярдануу боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзүп жатканын айтты.

Зарина Самидинова класс жетекчи

“Азыркы окуу жылынын башталганына байланыштуу ар бир класстарды иреттеп, санитардык эрежелерди сактоо боюнча ар бир окуучуга антисептиктер алынып, класстарга коюлуп, ар бир окуучу аралыкты сактап отурушу үчүн атайын шарттар түзүлүп жатат. Окуучуга эскертүүлөр берилип жатат. Тазалыкты сактоо боюнча группалар аркылуу тарбиялык сааттар өтүлүп, сабакка даярдап жатабыз. Ошондой эле, атайын мектеп форма талап кылынбайт, ак кофта, кара юбка кийип келсе болот, бирок үйүндө формасы туруп базардан ак кофта кара юбка сатып алууга болбойт”, — дейт Зарина Самидинова.

Тема боюнча окуңуз:

Балдарды мектепке психологиялык жактан даярдоо керек 

Аймээрим Саитжанова