“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Эгемендүүлүккө 30 жыл: Могол айыл өкмөтү Кара-Ой айылында белгиледи

1 Сентябрь 2021 жыл 19:12
Көрүүлөрдүн саны: 54

Мааракени белгилөө үчүн 30 миң акча каражаты бөлүнүп, аксакалдар, аялдар чайга чакырылып жаштарга болсо футбол, волейбол, шахмат оюндары байгелер менен ойнотулду.

Аксакалдар кеңешинин төрагасы Сатылган Молдоев айтымында:

“Кыргызстаныбыз Эгемендүүлүктү алгандан бери жакшы иштер болуп жатат, жакшы иштер боло берсин. Бүгүн да айыл өкмөт тарабынан уюштурулуп аксакалдар кенеши, жаштар чакырылып майрам болуп жатат”.

Футбол, волейбол жаштардын ынтымагын жогорулатуу максатында уюштурулуп, ынтымак, биримдүүлүк оюну аталып, оюн башталуу алдында кичи жыйын уштурулуп жыйынды Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов чын ден-соолук, күчтүүлүк, бөлүп- жаруудан алыс болууга, биримдик менен ойноого чакырып оюнду баштап берди.

Баштоо аземи

“Ден- соолукту чындоо максатында майрамга карата уюштурулган футболдон 9 команда, волейболдон 7 команда оюштурулду. Чучу-кулак кылып азыр оюн башталды. 1,2,3 орунга сыйлыктар каралып 1-орунга 2000 мин сом, 2-орунга 1500сом, 3-орунга 1000 сом каралган, футболго да волейболго да. Андан сырткары, күрөш оюну да болот”, – дейт жаштар комитети Кыял.

Оюнга Могол айыл аймагынын Кара-Ой, Ооган-Талаа, Кок-Тонду, Чарбак айылынан келген оюнчулар катышты.

Кара-Ой айылын тургуну Алманбеттин айтымында: “Оюн аябай кызыктуу болуп жатат, балдардын баары ынтымакта, жакшы денгээлде болуп жатат. Азыр бир канча саатта жыйынтыгы чыгат”.

Оюн 14:00 башталып, 19:00 жыйынтыкталды.
Биринчи орунга Чкалов айылынын оюнчулары жетишип 2000 сом сыйлык менен сыйланды.

Экинчи орунду Кок-Тонду айылынын оюнчулары ээлеп 1500 сыйлык алды.

Үчүнчү орунду Кара-Ой айылынын оюнчулары ээлеп 1000 сом сыйлыка жетишишти.

 

Аймээрим Саитжанова