“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Эркин Турдукулов: 2009-жылы өкмөт башчы болуп шайлангам

29 Август 2021 жыл 0:12
Көрүүлөрдүн саны: 38

Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов 2009-жылы жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын 100% добушуна ээ болуп ишмердүүлүгүн баштаган.

2013-жылы добуштун көп бөлүгүн алып кайрадан шайланган.

Ал эми 2017- жылы жергиликтүү кеңештин 12 депутаты ишеним көргөзүп шайланса, 2021-жылы да шайлоодо көп добуш алып кайрадан өкмөт башчы болду.

Айыл өкмөт башчысы Эркин Турдукуловдун ишмердүүлүгү, өмүр баяны, аткарган иштери тууралуу төмөндө тыңданыз:

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Тимурлан Мелисбеков