“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Аудио: Жергиликтүү кеңеш таза суу маселесин талкуулады

29 Август 2021 жыл 0:41
Көрүүлөрдүн саны: 39

Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши өзүнүн кезектеги сессиясын өткөрдү.

Сессияга депутаттардын баары катышып, аны жергиликтүү кеңештин иштерин жана сессиянын жүрүшүн төрага Абдилаким Мамарасулов алып барды.

Кезектеги сессияда таза суу, жол маселелери каралды.

Депутат Гүмүш Жумалиева: 

«Бүгүн биз кезектеги төртүнчү сессияга чогулдук. Сессияда арыздар, отчеттор, көйгөйлүү маселелер каралды. Депутаттар тарабынан көп маселелер айтылып, көйгөйлүү болгон таза суу маселеси орчундуу эле, ал да буйруса чечиле турганын болду»- деп баса белгиледи.

Ал эми депутат Кадича Жумабаева мектеп, бала бакчалардын ремонтунун абалын атайын түзүлгөн комитет карап чыгып, чечим кабыл аларын айтып,  айыл өкмөттүн Эркин Турдукуловдун алты айлык отчеттун уктук. Мындан сырткары  вакцинация боюнча талкуулар болду.

Жергиликтүү кеңештин төрагасы Айдилаким Мамарасулов:

Правда, Ооган-Талаа айылдарынын кичи жолдорунун (тратуар) жок болгондуктан элдин, окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатат. Ушул маселени  сессияга койдук. Чарбак айылына жаңы курула турган ФАПтын долбоорун карадык. Базар-Коргон райондук администрациясы тарабынан келген каттарга жооп берилип, буйруктар чыкты.  Чек арачыларларга да жардам катары акча бөлдүрдүк деди.

Кызыктуу бөлүгүн төмөндө угуңуз:

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Тимурлан Мелисбеков