“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Айыл балдарына театр эшиги ачылууда

29 Август 2021 жыл 1:09
Көрүүлөрдүн саны: 72

Ооган-Талаа айылына театр чеберчилигин үйрөтүүгө келген Хелен айыл балдарына театр аркылуу жаратылышты коргоо, аяр мамиле жасоону үйрөтүүгө аракет кылууда.

Могол айыл жаштары үчүн атайын жаратылышты коргоо, ар түрдүү театрлашкан көрүнүш аркылуу элге кеңири жеткирүү үчүн атайын GIZ долбоору менен Хелен Кох жана Гулайым Шигайбаевалар келип, балдарды ролдорду аткаруу, атайын көнүгүүлөр аркылуу сахнадагы коркууну жок кылуу боюнча үч күндүк окутуу болду.

Хелен Кох уюштуруучу:

Театрдын жакшы жагы — кишилерди тартып, спектакль даярдап, көнүгүү аткарып балдар бири-бири менен иштешкенди үйрөнүшөт.

Театр аркылуу ар кандай маанилүү темаларды көтөрүп элдин көңүлүн бурууга болот. Айлана чөйрөгө арналган театр аркылуу жаңы багыттарды да изилдедик.

Театрлаштырылган көрүнүш аткарып жаткан учурда

Гулайым Шигайбаева:

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо долбоорунун алкагында биз токой чарбалар, жайыт комитеттери, мектептер менен иш алып барчыбыз. Азыр биз балдар менен театр аркылуу иштешүүнү тандадык. Балдарды интерактивдүү, креативдүү чыгармачыл ойлонууну өнүктүрүүнү максат кылганбыз. Биринчи күнү ар түрдүү көнүгүүлөрдү аткардык. Балдар биринчи жолу театрда ойногондуктан алардын ачылышы, денесинин кызуусу, колду, сөздү, үндүү кантип колдонууну үйрөттүк. Балдар өздөрү атайын костюм алып келишип театрдык көрүнүш көргөзүп беришти.

Театр кандай уюшулганын төмөндө көрүнүз:

Тимурлан Мелисбеков