“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Дебат аркылуу жаштар ар тараптуу өнүгүүдө

19 Август 2021 жыл 8:47
Көрүүлөрдүн саны: 59

“Демилгелүү жаштар” долбоорунун алкагында Талды-Булак айыл аймагындагы Өзбек-Каба айылында дебаттык турнир болуп өттү.

Турнир санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен ачык асманда өткөрүлдү.

Дебаттык оюн ачык асманда болуп жаткан учур

Дебаттык турнир IDEA_CA MSMDP KG USAID тарабынан каржыланып жаштардын критикалык ой жүгүртүүгө үйрөтүү максатында Могол, Атабеков, Талды-Булак, Кызыл-Үнкүр, Ленин айыл аймагында атайын түзүлгөн жумушчу топтогу жаштар келип, 36 команда таймашты. Дебат бул жөн гана оюн эмес, бийлике болгон критика, түшүнүксүз нераселерди токтотуу, жарандык активизмди көтөрүү экенин Самат Анарбеков айтат.

Самат Анарбеков окуучулар менен баарлашуу учуру

“Менин оюмча дебат бул-азыркы учурда бийликте түшүнүксүз ар кандай нерселер болуп жатат, ушул процессти токтотуучу нерсе бул дебат жана ушул сыяктуу жарандын активдүүлүгүн көтөрүүчү программалар. Биз азыр көрүп жаткан Эркин Рыскулбеков, Данияр Аманалиев ушул процессти токтотуу аракетин көрүп жатат жана мурунку дебатчылар. Бул аябай маанилүү процесс, анткени бийликти эч ким критика кылбаса анда бизде эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Бүгүнкү турнир боюнча айта турган болсом, аябай сонун оюн болду. 36 команда, уюштуруучулар, соттор менен бирге санаганда 90 ашык киши катышты долбоорго. Катышуучуларга ыраазычылык билдиргим келет”, – дейт башкы сот, координатор Самат Анарбеков.

Соттоо учуру

Ошондой эле, «Активизм Жалал-Абад» дебаттык турниринде 3 тандалуу раунд болуп 36 команданын ичинен 4 команда финалга чыгып, VIP командасынан Жавахыр Бахтияр уулу жана Тимурлан Мелисбек уулу биринчи орунду ээледи. Оюн учурунда, азыркы учурда актуалдуу болуп жаткан ата-эне, эки муундун ортосунда болуп жаткан мамиле, дистанттык окутуу, билим, активдүүлүк сыяктуу кызыктуу темалар талкууланды.

Жавахыр Бахтияр уулу

“Даярдык аябай жакшы болду бирок мындай күтүүлөр болгон эмес, эч качан багынба деген сөз бар, утулсаң да аракет кылсан акыры жетет экенсиң. Мен аябай кубанычтамын. Менин оюндагы өнөктөшүм Тимурлан Мелисбек уулу экөөбүз «Мыкты спикер» наамын жана кубокко ээ болдук.  Кийинки турнирге даярданып жатабыз, 24-август Кызыл-Үнкүрдө болот”, – дейт биринчи орундун жеңүүчүсү Жавахыр Бахтияр уулу.

“Оюн кызыктуу, пайдалуу болду. Негизи эле дебатка катышкандан бери көптөгөн пайдаларды алып келип жатат мисалы: так, туура, сүйлөгөндү үйрөндүм ошол эң башкы пайдасы болду. Андан сырткары дебаттын бирден бир максаты бар, адамдарды бир ойго алып келип, саясат жөнүндөгү темалар берилип, саясат жагынан билим берүү. Ошол темалар аркылуу терең изилдейбиз, интернеттен ар кандай булактардан, депутат, президенттердин сүйлөгөнүн, макалаларын, ар кандай сайттардан окуу менен чогултуп сүйлөп беребиз. Дебатта 5,6,7 убакыт сүйлөйсүң жана ошол убакытта сүйлөп бүтүү менен убакытты текке кетирбей маанилүү сүйлөп калат экенсиң. Бирге даярдануу менен жеңишке жеттик, бизди колдогон Могол жумушту тобуна ыраазычылык билдирем”, – дейт Тимурлан Мелисбек уулу.

 

Аймээрим Саитжанова