“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Моголдо коомдук уктуруу өттү

18 Июль 2021 жыл 11:50
Көрүүлөрдүн саны: 59

Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагында 2022-жылдын бюджеттинин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук уктуруу өттү.

Коомдук уктурууга Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов, айыл эли, депутаттар, айыл аксакалдары катышты.

Демилгелүү жаштар жумушчу тобу катышып, айылдарда жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында жаштардын активдүүлүгүн көтөрүү, айылда кичи жолдорду (тратуар) оңдоо, курсттарды ачуу боюнча көйгөйлөр аныкталып, элдик талкууга коюлду. Жалпы келген катышуучулар колдоп, айылга жаштар үчүн окуу борборун уюштуруу, ички жолдорду оңдоону туура деп белгилешти.

Жаштардын көтөргөн көйгөйлөрү жазуу түрүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарынын талкуусуна коюлат.

Тимурлан Мелисбеков