“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жаштар туризм боюнча окуудан өтүштү

18 Июль 2021 жыл 11:28
Көрүүлөрдүн саны: 55

«ЖашTour» долбоорунун алкагында Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагында 7-8-июль күндөрү Арстанбап жана Моголдун жаштарына квест-экскурсия уюштуруу жана өткөрүү боюнча окутуу болуп өттү

Окуу учуру

Туризм боюнча эл аралык денгээлдеги эксперт Регина Ратаулина гид-экскуровод болууну самаган жаштарга тажрыйбасы жана билими менен бөлүштү. Анда саякаттоо учурунда туристтерге кызыктуу оюн элементтери менен квест-экскурсияны кантип уюштурат, квест-экскурсияны кантип сатуу керек деген суроолорго жаштар толук жооп ала алышты.

Квест оюну учуру

Тренинг учурунда гиддер экскурсияларды пландаштыруу жана жүргүзүү ыкмаларын өздөштүрүп, туристтик кызыгууну жараткан жерлерде квест-экскурсия же квест-тур уюштуруу боюнча жөндөмдөрүн жакшырта алышты.

“Жаштур» долбоору Германия кызматташтыгынын (GIZ) «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасы (IRDP) алкагында Европа биримдиги (EU) жана Германиянын экономикалык кызматташтыгы жана өнүгүү федералдык министрлиги (BMZ) тарабынан каржыланат, «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда” — деди Гульсана Абытова, «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фондунун директору.

Гульсана Абытова «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фондунун директору.

“Бүгүнкү иш чара аябай кызыктуу болду. Анткени биз тоолуу кооз аймакта жашагандыктан туристтер көп келет. Ал эми ошол туристтерге биздин жаратылыштын кооздугун көрсөтүү үчүн гидддер керек. Бүгүнкү тренинг да ушул гид болууга үйрөтүү, туристтер менен мамиле түзүү жана квест-туризм боюнча болду. Биз үчүн керектүү жана пайдалуу окуу уюштурулду. Эң негизгиси квест-туризм мага аябай жакты. Квест-оюндарын ойноп жүргөнбүз, ал эми квест-туризм өзгөчө таасир калтырды. Айылда да жаштар арасында квест-оюндарын уюштурсак деп пландап жатабыз” – дейт Могол демилгелүү жаштар долбоорунун жетекчиси, Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун координатору Гулназ Камбарали кызы.

Ошондой эле Арстанбап айыл аймагынын жаш активисти Муратбек Кочкоровдун да пикирин биле алдык: «Мыкты деңгээлде өттү, ар бир тренинг мыкты тренерлер менен жогорку деңгээлде өтүп жатат. Мурунку тренингди Марат Данилов кызыктуу кылып өтүп берсе, бул жолку тренингди Регина Ратаулина жогорку деңгээлде экскурсия жана квест- экскурсия боюнча өтүп берди. Эки күндүк окутууда, туризм багыты боюнча жаңы көндүмдөрдү үйрөндүк. Тайпа жана тренерлер менен квест-экскурсия уюштурдук. Кызыктан кызык болду десем болот. Акырыныда ар бир катышуучу сертификаттар менен сыйланды. Туризим багыты да абдан кирешелүү жана бул кирешени табуу, туристтерди тартуу боюнча да көп нерсени үйрөндүк. Учурдан пайдаланып баардык уюштуруучуларга чон ыразычылык билдирмекмин.”

Регина Ратаулина туризм боюнча тренер

Туристтерди кабыл алуу Арстанбап айылынын калкына негизги каржы булагы болуп калган. Туристтер советтик доордон баштап, азыркы учурга чейин эс алууга келүүдө жана азыркы учурда Арстанбап андан да көбүрөөк кызыктар тараптарды чогултууда. Туристтик борбор, жеке менчик иштетүүчүлөр менен иш алып барат. Күнүнө 400 чейин адамдар келет, ал эми сезон учурунда 50 миңге чукул меймандарды кабыл алышат. Арстанбапта ажайып кооз табияты, шаркыратма жана адам колу менен түзүлгөн пансионаттар, дачалар, турбаза жана башка эс алуучу жайлар жайгашкан. Туристтерди кабыл алуу үчүн башка мамлекеттер менен карым- катнашы бар атайын гиддер бар, бирок саны кескин түрдө аз болгондуктан кабыл алуу толук шартта аткарылбайт.

Талкуу учуру

Туристтерге гиддердин болушу зарыл, анткени маршрутту билбей адашып, тарыхын, сырларын, кооздугун толук коро албай жатышканын туристтер белгилешкен.

Оюн учуру

Бул маселе бир гана Арстанбап жергесинде эле эмес Кызыл-Үнкүр, Чолпон-Ата, Каргалык айыл аймактарындагы туристтик жергелеринде да актуалдуу. “Жаштур” демилгеси жогоруда айтылган 4 айыл аймак менен иштөөгө багытталган. Алдыдагы максаттары жана кыймылдары төмөндөгүчө: окуялуу жана тоо туризм аркылуу Жалал-Абад облусунун жаштарынын экономикалык мүмкунчүлүктөрүн кеңейтүү, төрт жаңы туристтик маршруттарды ачуу, тоо туризими жана квест-экскурсияларды түзүүгө көмөк көрсөтүү, жергиликтүү бийлик, айыл өкмөт, токой чарбалар жана жаштар ортосундагы жагымдуу чөйрөнү жакшыртуу үчүн диалог түзүү, туристтик продукталарды жана кызматтарды корсөтүүлөрдү эл аралык туристтик платформаларын социалдык тармактарында сайттарында коддорду орнотуу жана аудио- экскурсиялар аркылуу илгерлетүү.

Катышуучуларга сертификат берилди

Аймээрим Саитжанова