«Жаратман жаштар долбоорунун алкагында «Сузак айыл өкмөтүнөн №2 Дом-Ата, Х.Алимжон мектептеринен эки демилгелүү топ катышып, кичи грант утуп алышкан.
Иш- чаралар февралдан тарта июль айларына чейин окуучулар ар кайсы критикалык ой жүгүртүүсүнүн жакшыртып, көйгөйлөрдү чечүүгө аракетин жасап, жыйынтыгында №2 Дом-Ата мектебине кыздардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу курсун ачуу үчүн мектепке кабинет даярдалды.
Ал эми Х.Алимжон атындагы орто мектебинде 1-4 класстар туруп мектепте чай ичкенине байланыштуу мектеп ашканасына долбоордун алкагында стол, стулдар алып берилди.
Жалпы суммасы 125 миң сом болуп, 70 миң ЮНИСЕФ тең, 55 миң Сузак айыл өкмөтү демөөрчүлүк кылды.
Андан сырткары, ата-энелерден да демөөрчүлөр колдоо көрсөтүп, акчалай жардам беришти.
Мектеп администрациялары кабинеттерди ремонттон өткөрүштү.
Бул иш- чара «Youth of Osh» коомдук бирикмеси, «ЮНИСЕФ ар бир бала үчүн» Бүткүл дүйнөлүк уюму тарабынан ишке ашырылды.
Жаратман жаштар долбоорунун ментору Курманжан Султанова:
Биз долбоордо иштеп баштаганда бизди айылдын тургундары колдоп, мектепте курс ачылсын деп суранышкан. Анткени, Жалал-Абад шаарына окууга жөнөтүү биз үчун кыйын биринчиден акча маселесине келип токтосо, экинчиси жолдун алыстыгы. Ошондуктан, бул көтөрүлгөн иш-чара айыл элинин колдоосуна ээ болду.
«Сузак айыл өкөтү да колдоп, акчалай жардам беришти. Ал эми ачылышка Сузак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Айгерим Караева, жергиликтүү кеңештин депутаты Шерзод Умарбеков жана мектеп жамаатты, ата-эенелер катышты. Буйруса ачылып жаткан курстарыбыз кыздарга чоң жетишкендик алып келет деп ишенем», -деди Султанова.
Мындан ары дагы 6 айлык план түзүп алып, сентябрдан тарта курс ачылып, мектеп ашканасы окуучуларды жакшы маанайда тосуп алып, ашканада балдар отургучтарда отуруп чай ичишет.
Долбоордогу Райхонанын ата-энеси:
«Менин кызым долбоорго катышкандан тарта үйгө келип, коомдогу болгон көйгөйлөрдү биз менен таалкулап, кантип жакшыртууга болот экенин айтып, өзүнүн оюн кенен айта баштады. Долбоордогу уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем.»
Гулназ Камбарали кызы