“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Могол: Айылдарды залалсыздандырып, түшүндүрүү иштери уланууда

12 Июль 2021 жыл 23:54
Көрүүлөрдүн саны: 54

Могол айыл аймагы Базар-Коргон районунда жайгашкан. Аймакта алты айыл бар. Өкмөттөгү ыкчам штабынын эскертүүсүнө карабай эл эс алуу жайларында, базарларда элдин көп экендигин байкоого болот. 

Могол айыл аймагындагы ыкчам штабынын ишмердүүлүгү тууралуу социалдык адиси Айгүл Пазылова төмөндөгүлөргө токтолду:

«Могол айыл аймагынын тургундарына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Айыл айылдарды кыдырып, санитардык эрежелерди сактоосун айтып, мындан сырткары айылдардагы айыл башчылар менен биргеликте залалсыздандырылып, көчөлөрдү тазалоо иштери жүрүп жатат. Базар-Коргон районунан келген ар түрдүү маалыматтарды элге кабарлап жатабыз.»

Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Муктарбек Долдоев:

«Ооган-Талаа айылында түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Элге санитардык эрежелерди сактоосун түшундүрүп жатабыз. Азыр оору күчөп жаткан мезгилде эл өзү деле өзүн коргоп бет кап кийип жүргөнүн көрүүгө болот. Бирок баары эмес. Албетте ооруну тоготпогондор да жок эмес. Ал эми Могол айыл аймагы тарабынан айылдын көчөлөрүн тазалап, хлор эритмелери чачылып жатат. Айылдагы иштеп жаткан дүкөндөргө, банктарга кирип эрежелерди сактоосун эскертип жатабыз.»

Гулзат Оспанова сатуучу:

«Июль айы аябай кооптуу болуп, оору күч алып жатат. Албетте биз да эрежелерди сактап жатабыз. Дүкөндү тез-тез желдетип, антисептик, хлор менен тазалап турамын.»

Акылбек Каимов Могол айыл аймагынын ыкчам штабынын башчысы:

«Базар-Коргон районунан бизге көрсөтмөлөр берилип элди ооруудан оолак болуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келатабыз, бирок ошого карабай элдер эс алуу жайларында, базарларда, коомдук транспорттордо көп жүргөнүн көрүүгө болот. Кээ бири беткап тагынса кээсинде жок. Ар бир адам өзүнүн, жакындарынын ден соолугуна кам көрүп, санитардык эрежелерди кармаса жакшы болот эле. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл эл ооруну тоготпой жатат. Былтыркы жылы эл көчөгө чыкпай, беткап тагынып көрсөтмөнү ьак аткарып жаткан. Ар бир адамдын ден соолугу анын колунда. Ошондуктан эрежени сактайлы деп чакырмакмын.

Гулназ Камбарали кызы