“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жергиликтүү калкты көз дарыгерлери акысыз текшерди

21 Июнь 2021 жыл 1:08
Көрүүлөрдүн саны: 42

Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагынын алты айылы үчүн Кызыл Ай коому уюштурган «Ден соолук кербени» долбоору тарабынан жергиликтүү элди көз дарыгерлер текшерүүдөн өткөрүштү.

Мектеп окуучуларынын да көрүүсү текшерилип, керек болгондорго көз айнектер берилет

Мен Каныбек Кудайбердиев Кызыл Ай коомунда көз ооруларды алдын алуу боюнча облустук координатор болуп иштейм. Бул иш чаранын максаты негизинен алыскы айылдардагы аярлуу катмардагы элдерди көз ооруларын текшерүү, ошондой эле көзү ооруп кө айнекке муктаж болсо, бекер көз айнектерди таратуу болуп саналат. Бул бир чоң долбоордун алкагында өтүп жатат. Долбоор Кыргызстандын түштүк областарынын аярлуу коомчулуктарында офтальмологиялык кызмат көрсөтүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу. Швейцариялык Кызыл крест коому тарабынан долбоор 2018-жылдын сентябрь айынан баштап, 2021-жылдын 31 декабрна чейин уланмакчы.

Буйруса долбоордун алкагы боюнча биз 5 локацияга жаңы үлгүдөгү заманбап шаймандар коюлган. Алар Жалал-Абад облусунун биргелешкен клиникалык ооруканасынын көз оорулар боюнча бөлүмүнө 4 түрдү аппараттарды бергенбиз, андан сырткары, Аксы, Алабука, Кара-Көл, Казарман, Тогуз-Торо жерлерине да барып текшерип келдик.

«Мектептик скрин» айылдардан тышкары мектептерди кыдырып текшерүү

Атайын көздүн курчтуулугун жана көздүн катмарын текшере түрган 2 түрдүү аппараттар берилген. Облус боюнча жер-жерлерде волонтёрлор иштейт, алар адамдарга көздү сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Негизи көздү ар 6 ай сайын врачтардан текшерүүдөн өтүп туруу зарыл. Жергиликтүү калкка бул боюнча маалыматарды жеткирип, кеңири тараган катаракта жана глаукома оорулары боюнча маалымат беришет.

2021-жылы 8 айылга өткөрдүк. Алыскы жерлерге Ала-Бука, Тоскоол, Ноокен, Базар-Коргон районунда Ооган-Талаадан баштап, Көк-Алма, Кызыл-Үнкүргө чейин барабыз, бул жакты бүтүп Токтогулга чыгабыз. Биз айылдардан сырткары, мектептеги окуучулардын да көздөрүн текшеребиз, бул иш- чараны мектеп окуучуларына «Мектептик скрин» деп коет. Мектеп окуучуларын көзүн текшерип, аларга дагы атайын көз айнектерди беребиз.

Дарыгерлерди облустук клиникалардан алабыз, себеби, биздин саламаттыкты сактоо министрлиги менен түзүлгөн меморандум бар, ошонун негизинде биз алардан врачтарды алабыз, биз өзүбүз калгандарын чыгымдарын көтөрүп ушундай айылдарга чыгабыз. Бүгүн бир дарыгерди Жалал-Абад шаарынан алып келдик, калгандары Кызыл Ай коомунун кызматкерлери. Анткени, коомдун адистери да атайын даярдоодон өткөн.

Айыл тургундарын текшерүү учуру

Азыркы күндө жаңы аппарат келген бул Американын аппараты «Юси» деп аталат. Жакында эле чыгып, азыркы күндө пилот текшерүүдөн өтүп жатат , 3 мамлекетте өткөрүлүп жатат. Ушул аппарат менен текшерип жатабыз, негизи талаа шарттарында ыңгайлуу экен, башка эч кандай аппаратын кереги жок, ушуга көздү коюп туруп эле көздүн көрүүсүн текшерип туруп, линзаларды терип  көз айнек даярдап беребиз»-деди Кудайбердиев.

Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Муктар Долдоев

Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Муктар Долдоев:

«Бүгүн Кызыл Ай коому тарабынан жергиликтүү калтын көз ооруларын текшерүү боюнча атайын көз доктурлар келип, текшерип жатышат. Бизге алдын ала айтылып, Могол айыл аймагындагы алты айылдын айыл башчыларына айылдардагы элдерге маалымат жеткиргиле деп тапшырма берилген. Мен айылды кыдырып элдерди бүгүнкүгө чакырдым. Элдер келип, текшерилип жатышат. Эл үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк бекер текшерилип, бекер көз айнек алып жатышат. Кызыл Ай коомуна ыраазычылык билдиребиз. Кызыл Ай коому Могол айыл өкмөтү менен тыгыз иш алып барат.»

Мавлюда Кадыркулова

«Мен Кадыркулова Мавлюда Көк-Алма айылынан келдим текшерүү жакшы  болуп жатат кезек менен кирип жатабыз. Көзүм ооруйт эле, текшерилип, көз айнек алдым. Элдин ден- соолугун ойлогон уюштуруучуларга ыракмат».

Көз доктур: «Бейтаптарга социалдык аралыкты сактагыла, бет кап кийгиле деп айтабыз»
 

Гулназ Камбарали кызы, Ширин Маратбекова