“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Могол айыл аймагында ачык асманда дебат өткөрүлдү

21 Июнь 2021 жыл 2:56
Көрүүлөрдүн саны: 61

Могол айыл аймагында дебаттык турнир өтүп, ага 32 команда катышкан. Сузак районунан Ленин, Атабеков, Базар-Коргон районунан Талдуу-Булак, Могол, Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүндөгү атайын түзүлгөн жумушту топтун мүчөлөрү дебат ойношту. Пандемияга байланыштуу турнир ачык асманда өткөрүлүп, отургучтардын жоктугу ыңгайсыздык жараткан жок. Оюн IDEA CA MSMDP KG USAID тарабынан каржыланды.

«Турнир аябай кызыктуу өттү. Бири-бирибиз менен таанышып, достоштук. Дебат аябай кызыктуу оюн. Оюн аркылуу биз өзүбүздү өнүктүрүүдөбүз»-деди Аймээрим Саитжанова.

Тема боюнча окуңуз:

Жаштардын активдүүлүгүн көтөрүүдө жергиликтүү бийликтин ролу

 

Гулназ Камбарали кызы