“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Токойду коргоо көйгөйлөрү тууралуу жаш журналисттер билим алышты

21 Июнь 2021 жыл 0:09
Көрүүлөрдүн саны: 117

«Camp Аlatoo» долбоору уюштурган Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун жаш журналисттерине токойду коргоо, андагы көйгөйлөрдү массалык маалымат каражаттарында туура чагылдыруу боюнча 2 күндүк окутуудан өттү.

Тренингде окуучулар тарабынан тартылган кыска метраждуу фильм көрсөтүлүп, андагы тартылган Тимур Мелисбеков менен Тахмина Суёркуловалар фильм тартылып жаткандагы сезимдер, кыйынчылыктар менен ой бөлүштү. Мазмунунда кандай экологиялык көйгөйлөр көтөрүлгөндүгү жана аны чечүү жолдору жөнүндө талкуу болду.

Закир Сарымсаков- Биоартүрдүүлүк боюнча эксперт

Тренингде Закир Сарымсаков жаш журналисттерге Кыргызстан боюнча токойлордун ар түрдүүлүгүн, токойдун кыйылуусу көбөйүп экология бузулганын, бак-дарак жок болсо сел, жер көчкү көп болорун түшүндүрдү.

Ал эми Дина Малдыбаева токой тууралуу маалымат жазып жатканда сөзсүз түрдө маалыматтын тууралыгын текшерип, туура маалыматты гана массалык маалымат каражаттарына таркатуу керектигине кеңири токтолду.

Алика Карабаева Camp Alatoo долбоорунун PR-адиси:

«Бул Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ) “Кыргызстандын түштүгүндө жаңгак-мөмө токойлорду жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу” аттуу долбоордун алкагында жасалды.

Долбоор Германиянын өкмөтүнүн буйрутмасы боюнча Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германия эл аралык кызматташтык коому) жүзөгө ашырылууда. Ушул долбоордун алкагында биз маалымат компаниясын жүргүзөбүз, мүмкүн болушунча көп адамдар Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак-мөмө токойлору кантип сактоо боюнча түшүнүк алуулары керек.

«Мен «Camp Аlatoo» долбоору менен  4 жылдан бери иштешем. Биздин бул уюм кыйла уникалдуу, себеби, биз жергиликтүү жамааттарды жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча билим берүү  менен, алардын жашоосун жакшыртууга жардам берип келебиз. Бизде токой чарбачылыгынын башкаруу жаатында бир нече багыттар бар жана алакаларды кыйла натыйжалуу куруп жатабыз.

Улууларга, мектеп окуучуларына экологиялык билим беребиз. Чындыгында, биздин уюмдун башкы максаты- бул ресурстар түгөнбөй узак убакытка чейин сакталып турушу үчүн, айыл калкына жаратылыш байлыктарын туура иштетүүнү үйрөтүү. Ошондуктан, биз жергиликтүү жамааттар үчүн ар кандай семинарларды өткөрөбүз. Ошондой эле жайыттар жапайы өсүп кетпеши үчүн аларды калыбына келтирүүгө, аларга ар кандай ыкмаларды колдонууга жардам беребиз. Дүйнөлүк практикада мындай ыкмалар көп, биздин өлкөдө да ийгиликтүү колдонулат.

Биринчиден жайыттар жөнүндө айткандай, биз жамааттарга жайыттарды башкаруу планын түзүүгө жардам беребиз, бул адамдар жайыттарды сактап калуу үчүн кантип башкарышы керектигин үйрөтүү маанилүү. Эгерде адамдар ушул пландарга ылайык иш кылышса, анда алар узак убакыт бою жайыттарга ээ болушат. Мына дагы бир ушундай көзгө урунарлык мисал, биз Ысык- Көл облусунун райондорунда жергиликтүү жамаатка чакан корукту түзүүгө  жардам бердик, эл бизге кеңеш, жардам сурап кайрылды.

Чындыгында, биринчиден аларда сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрү жоголууда, экинчиден лавр чөптөрүнүн азайып баратышы. Алар бизге жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышты жана биз 14000 гектар коомдук кичи корук түзүүгө  жардам бердик. Демек, коомдук корукту эл өзү башкарат. Аны жергиликтүү мурдагы аңчылар кайтарышат, алар аны колдонушат, фото капкандарды коюшуп, алар биотехникалык иш- чараларды жүргүзүшөт, аймакты айланып өтүшкөндө  жапайы жаныбарларды туз менен тойгузушат.

Адамдарды угуп, көзөмөл жүргүзөт. Демек, өздөрүнүн каалоосу менен кандай натыйжаларга жетиши мүмкүн экендигинин ачык мисалдары, алар өздөрү түзгүсү келген корукту түзүштү жана биз аларга жардам бердик жана аларга жардам берүүнү  уланта беребиз», -деди «Camp Аlatoo» долбоорунун PR адиси Алика Карабаева.

Дашман коругун көрсөтүп жаткан учуру

«Ал эми биз бүгүн Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун жаш журналисттери үчүн эки күндүк тренинг уюштурдук. Тренингдин максаты жаш журналисттерди токой чарбалар менен иштешүүдө жана токойдогу көйгөйлөрдү чагылдырууда туура, так маалымат берүүнү үйрөтүү. Жаш кабарчылар активдүү болуп, кызыктырган суроолорун беришип, Дашман коругуна чыгып, ал жерден адистерден жаңы маалыматтарды алып кайтышты. Балдардын көзүнөн алардын экология боюнча ар түрдүү жаңы идеяларды чыгарып иш алып барабыз деген ишеничтер көрүнүп турду», -деп кошумчалады Карабаева.

 

Солдон оңго Эржан Анаркулов, Тимурлан Божуев, Жавахыр Бахтияр уулу, Билим Байдиллаев-жаш журналисттер

«Менин атым Эржан Анаркулов, мен Ооган -Талаа жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысымын. Тренинг сонун өттү, көптөгөн билбеген нерселерди үйрөндүм жана жаңгактарды көбөйтүш жолдорун билдим, экологияны сактоо, аны коргоо керектигин түшүндүм. Буга чейин тренингдерге катышып келгем, бирок бул тренингдин өзгөчөлүгү өзүмдүн жашап жаткан жеримдин, токоюм жөнүндө болгондуктан кызыктуу өттү.

Интерактивдүү оюн болду, практика жүзүндө иштедик, көп маалыматтарды даана жеткизди. Ушундай билбеген нерселерди сурап билип алууга мүмкүнчүлүк болду. Экология боюнча жоголуп бараткан мөмөлөр, жандыктарды көбөйтүүнүн жолдорун алдын- ала айтып кетти, ошону көбөйтүүгө аракет кылабыз. Мен мурун экология жакшы бардык эле нерсе бар деп ойлосом, ал эми тренингдин жыйынтыгына келгенде андай эмес экен, көптөгөн жоголгон жан-жаныбарлар, мөмөлөр бар экенин билдим жана жаңгак деле азыркы убакта азайып кетип жатат, ошону көбөйтүш керек деп максат койдум. Мен үйгө барганда да ата-энеме, бир туугандарыма, досторума айтып, маалыматты таркатам.»

Кабарчылар адистерден маалымат алып жаткан учуру

Айзирек Анарбекова кабарчы. Ал токойго жакын туруп, бирок токой тууралуу маалыматыбыз аз экен деген оюн айтты:

«Мен бүгүн «Camp Аlatoo» долбоору уюштурган окууга катыштым. Чындыгында, мен мындай семинарларга биринчи жолу катыштым. Анан мага эң кызыктуусу бул тренерлердин өткөн презентациясы болду. Презентация өтө кызыктуу болду, мен үчүн анан маанилүү түшүнүү да оңой, Дашманга барып, корукчулардан ар түрдүү кызыктуу маалыматтарды чогулта алдык. Өзгөчө Закир агайдын токойлордун өзгөчөлүктөрү, андагы бак дарактардын түрдүүлүгү ар түрдүү легендаларын угуу мен үчүн аябай таасир калтырды. Биз токойдо жашап туруп, токой жөнүндө көп нерселерди билбейт экенбиз. Жаратылышты коргоо жана токойдогу көйгөйлөрдү массалык маалымат каражаттарына чагылдырууда туура маалымат таркатуу канчалык маанилүү экенин Закир агай түшүндүрдү».

 

«Барсбектин жоруктары» интерактивдүү оюну

 

Тапшырмаларды аткаруу учуру

 

Темага байланыштуу макалаларды окуңуз:

Кыргызстан токойлорду кантип коргой алат?
Cүрөтбаян: Токойдогу жаз

Ширин Маратбекова, Гүлназ Камбарали кызы